203.10.2018  18.11

Германия мамлекетинин “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун колдоосу менен “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун аткарылышы менен жеринен таанышуу максатында аталган уюмдун бир катар өкүлдөрү келишти.

Алар: «Дүйнөгө нан» эл аралык уюмунун Жакынкы Чыгыш, Кавказ жана Борбордук Азия программалык бөлүмүнүн башчысы Лутц Вользиффер, «Дүйнөгө нан» эл аралык уюмунун Жакынкы чыгыш, Кавказ жана Борбордук Азия программалык бөлүмүнүн программалык кызматкери Нина Хучуа айым жана «Дүйнөгө нан» эл аралык уюмунун Жакынкы чыгыш, Кавказ жана Борбордук Азия программалык бөлүмүнүн кызматкерлерди иш-сапарга жиберүү боюнча программасынын жетекчиси Клаудиа Хиндер айымдар. Алардын дагы бир максаты долбоордун катышуучулары менен жолугушуу болду. Ошол себептен атайын иш чара уюштурулуп, эки облустун долбоор боюнча активисттери да келишишти. Мындан сырткары долбоордон пайда алгандар, кызыктар тараптан да келишти.

Эске салсак, аталган уюм колдоого алган долбоордун алкагында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады, Шарк жана Кызыл-Кыштак айыл аймактарында, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман жана Базар-Коргон айыл аймактарында, ошондой эле Жалал-Абад шаарынын Чынгыз Айтматов аймактык башкармалыгында ишке ашырылып, багыты элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө, калктын жашоо маданиятын көтөрүү, экономикасын жогорулатуу багытындагы беш компонентти алдыга максат кылган программалык иш чараларды жүзөгө ашырып келет. Аталган долбоор камтыган аймактарда бул аралыкта көп жакшы иштер аткарылгандыгын, элдин көз караштары өзгөрүп, жакшы жашоого умтулуу, активдүү жана демилгелүү аракеттер көп болуп жаткандыгын келген меймандар өз көздөрү менен көрүштү.

Эки облустун долбоорго кирген аймактарында жалпы 80 Өз жардам топтору уюшулган, мында Ош облусунда 50, Жалал-Абадда 30 ӨЖТ иш алып барууда жана алардын мүчөлөрү миңге чукулдап барат. Ал эми долбоордун башкы компоненти катары ӨЖТлардын Биримдигин түзүүдө максаттуу иштер жүрүп, ушул жылдын башында Биримдиктердин Жоболору иштелип чыгылган жана алар ар бир ӨЖТда талкууланган. Кошумча, алымчасы менен кабыл алынган Жобонун негизинде ар аймактардагы алты ӨЖТдан бир Биримдик уюшулду. Тактап айтканда, эки облустун ар биринде үчтөн ӨЖТ Биримдиги түзүлүп, азыркы кезде алар атайын программаларды тузүү менен максаттуу иштерди башташты. Бул иш чараларды аткарууда ӨЖТ мүчөлөрү активдүүлүктөрүн көрсөтө алышкан. Ошентип жаз айында эки облустан тен үчтөн ӨЖТ Биримдиги уюшулуп, ар бир Биримдиктеги он эки мүчө Жобонун негизинде иш алып барышууда. Мындагы негизги максат жана багыт элет калкынын жашоосун жакшыртуу, ички экономикалык, үй-бүлөлүк жашоо абалын өстүрүү. Ал үчүн ар бир ӨЖТ мүчөсү кандайдыр бир пайдалуу иштерди аткаруулары керек. Ушул максатта дыйкан чарбаларын түзүү менен дыйканчылыктын жаңы багыттарын колго алышып, тигүүчүлүк, кол өнөрчүлүк, тандыр жасоо, сүттү жана жашылчаны кайра иштетүүчүлүк багыттагы ишкерликти колго алышкан. Бул боюнча Ош облусунда он үч, Жалал-Абадда он ишкерлик менен алектенип жатышат. Мына ошол ӨЖТ мүчөлөрүнүн колунан жасалган улуттук кийимдер, калпак, чермей сыяктуу буюмдардын, жашылча жемиштер жана аларды кайра иштетүүдөн жасалган кыям-шириндиктердин, кайнатмалардын, жумшак жана катуу быштактын түрлөрүнүн, сүт азыктарынын көргөзмөлөрү меймандардын көз алдында болду. Алардын ар бири боюнча маалыматты долбоордун Ош облусу боюнча тирекчиси Нарынкүл Дюшеналиева менен Жалал-Абад облусу боюнча тирекчи Кишимжан Боронбаевалар маалымат беришти. Албетте донорлор тарабынан аларга суроолор берилди. Ал эми жашоосун жакшыртып, үй-бүлөлүк бюджетин кеңейтип жаткан бир катар ӨЖТ мүчөлөрү өз жашоо агымдары тууралуу да кеңири айтып беришти. Мында алар ишкерликти качан, кантип жана эмнеден башкашкандыгын,аларга кандай пайда алып келип жаткандыгын кеңири айтып беришти. Ошол эле мезгилде Балдардын өз жардам топтору да балдар арасындагы достукту, ынтымак жана биримдикти чыңдоо багытын көздөйт жана беш компонент боюнча иш алып барат. Мында долбоорго кирген аймактардан жети мектеп тандалып алынган. Эки облустун ар биринде отуздан БӨЖТ уюшулуп, жалпы сегиз жүзгө чукул бала тартылган. Жалал-Абад облусу боюнча БӨЖТ тирекчиси Максат Пирматовдун берген маалыматына караганда ал ар бир мектептеги БӨЖТлар үчүн талам талашуу жана шыкактоокалыптуу көнүгүмдөрүн өтүп, анын таасиринен улам балдардын активдүүлүгү,жашоого болгон көз караштары өскөн. Жалаң гана балдардын демилгеси менен мектептерде бир катар маданий-массалык иш чаралар өтүлүп турулат. Мектептердеги көйгөйлүү маселелерди чечүүгө да балдар активдүү катышышат. Ал эми балдардын ден соолугуна камкордук көрүү максатында Жалал-Абад шаарындагы “Бакыт” балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борбору менен келишим түзүлүп, бул кезге чейин алтымыш бала ар бири он күндөн эс алышты жана ден соолугун чыңдап кайтышты. Ар кандай саякаттар уюшулат. Мына ушундай эле аракеттер ош Облусунда да жүрүп жаткандыгын долбоордун Ош облусу боюнча тирекчиси Кыял Мамажанова билдирди. Белгилей кетүүчү жагдай ар бир ӨЖТ жана БӨЖТлар тууралуу атайын көргөзмөлөр уюштурулган. Келген донордук уюмдун өкүлдөрү мына ошол көргөзмөлөр менен да таанышып, андагы көрүнүштөр боюнча да кызыгып, суроолорду берип жатышты.

Айыл жергесиндеги балдарды тарбиялоо багытында бардык эле аймактарда Балдар бакчалары жетишсиз. Аларга жардамга келген, ошол эле мезгилде өз багыты жана максаты бар Эне мектептеринин пайдубалы 2010-жылдардан эле түзүлө баштаган. Бирок, аталган долбоор ишке киришкени бул кыймыл күч алды жана Эне мектеби деген жайлар боюнча жер-жерлерде кеңири түшүнүктөр пайда болду. Балдар бакчалары менен тең тайлашкан бул жайларга ата-энелер арбын кайрылып, андагы шарттар, алып барылган иш аракеттерге ыраазы болуп жатышкан кез. Ош облусунда 20 эне мектеби иштеп жатса, анын төртөө бюджетке киргизилген. Дагы бирөө жакынкы аралыкта бюджетке киргизилет. Калгандары кыска аралыкта иштейт. Ал эми Жалал-Абад облусунда да 20 Эне мектеби уюшулуп, алардын жетөө бюджетке кирген, бир менчик Эне мектеби иштеп жатат. Ал эми калгандары кыска мөөнөттүү иш алып барышат. Эки облустагы Эне мектептеринин материалдык базасын чыңдоо жана оку куралдары менен камсыздоо максатында Роза Отунбаеванын демилгелүү аракети” коомдук фондусу жакшы жардамын берип келет. Ал уюм балдар үчүн түрдүү оюнчуктарды жана китептерди берген. Кызматташуу дагы да улантыла берет. Дегинкиси бул багыттагы иш аракеттерди чагылдырган фотостендден, иш кагаздардан эле бардык маалымат алууга боло тургандыгын келген өкүлдөр баамдашты жана ар бир иш тууралуу кызыгып, суроолорду беришти. Эки облустун Эне мектептери боюнча тирекчилери Дильфуза Назаралиева менен Гүлкайыр Жолдубаевалар кошумча маалыматтарды берип турушту.

Долбоордун дагы бир башкы багыты элге психологиялык жана юридикалык жардам, колдоо көрсөтүү. Бул багытта эки облустта тең тажрыйбалуу юрист, психологдор тартылышкан. Алар да беш компонент боюнча иш алып барышты. Мында эл пенсия, пособие, алимент, жөлөк пул, паспорт,күбөлүк алуу, жер маселеси боюнча юристтерге кайрылышат. Бул багытта Жалал-Абад облусу боюнча долбоордун адиси Гүлнара Ташиевага 122 адам кайрылган жана алардын бардыгынын суроо талабы канааттандырылган. Мына ошондой юридикалык жардам алгандардын бир тобу донор уюмунун өкүлдөрү менен жолугушушту жана алар берген суроолорго жооп беришти. Ош облусу боюнча долбоордун юристи Дильшод Кадирходжаев да мына ушундай эле багытта иш алып баргандыгын билдирди. Ал эми долбоордун эки облустагы психологдору Жылдыз Калдарбекова менен Дильфуза Анарбаевалар эл менен, айрыкча аярлуу, психологиялык жардамга муктаж болгон катмарлар менен иш алып баруудагы тажрыйбалары менен тааныштырышты. Алардан жардам алган бир топ бенефицарлар да бул жолугушууга катышып олтурушту.

Мындай кызыктуу, керектүү жана пайдалуу жолугушууда долбоордун алкагында иш алып барып жаткан беш ийримдин иш аракети менен да таанышышып, ар бир ийрим жетекчилери менен маектешишти. Алардын аткарган иш-чараларын фотокөргөзмө аркылуу танышышты. Ийрим жетекчилери менен аңгемелешишти. Долбоордун алкагында англис тили, орус тили, этноансамбль, форум театр жана лидерлик ийримдерин уюштуруудагы максат балдарды пайдалуу багытка буруу. Алардын достугун жана ынтымагын бекемдөө. Ушул ийримдер аркылуу балдардын активдүүлүгүн көтөрүү, аң сезимдерин өстүрүү, өнөргө үйрөтүү. Кошумча башка чет тилин билүүгө каныктыруу. Акыркы кездерде ата-энелер балдарын акы төлөп, ар кандай ийримдерге катыштырышат жана балдарын бир нерсени билип алуусун каалашат. Бирок,андай ийримдерден жакшы натыйжа чыкпай калган жагдайлар да кездешет. Андыктан акысыз иш алып барып жаткан бул ийримдерге кызыккандар абдан көп. Анын жакшы натыйжасы, ийгиликтүү кадамдары болуп жаткандыгын ар бир ийримдин жетекчилери көргөзмөлөр жана мисалдар аркылуу айтып берип жатышты. Жолугушуунун соңунда Жалал-Абад облусу боюнча уюшулган Этноансамбль ийриминин катышуучулары тарабынан шандуу кыргыз музыкасы аткарылды. Меймандар бул чыгарманын мазмунуна да кызыгышты. Ийримдин катышуучулары менен да аңгемелешишти. Иш сапардын жыйынтыгында долбоордун аткарылышы жакшы деңгээлде жүрүп жаткандыгы донор уюмунун өкүлдөрү тарабынан белгиленди.

1

4

5

6

7

8

9

10

12

14

15

16

17

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, долбоордун медиа-адиси