Жергиликтүү бийликтер менен кызматташуу үчүн тегерек столдор
21.11.2019 15:09
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси элдердин достугун, биримдигин, ынтымагын бекемдөөдө жана элдердин жашоо шартын жакшыртууга көмөк көрсөтүүдө жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз кызматташууну бирден бир негизги мерчем катары колдонот.
Эне мектебинин кызматкерлери үч күндүк окуу көнүгүм өтүлдү
18.11.2019 19.22
2019-жылдын 8-10-ноябрлар аралыгында Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму колдоого алган “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун үчүнчү фазасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы долбоор алкагында ачылган Эне мектептеринин жетекчилерине жана тарбиячыларына үч күндүк (24 сааттык) окуу көнүгүм болуп өттү.
Ийри олтуруп, түз кеңешишти
18.11.2019 18:55
Быйылкы “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында” Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагында бир катар олуттуу жумуштар аткарылгандыгын айыл аймактын башчысы Марсел Коконов кезектеги тегерек столдогу жолугушууда кызыктуу кылып баяндап берди. Ал кездешүү “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында уюшулган Өз жардам топторунун Биримдигинин активисттери менен өткөрүлдү.
ӨЖТ Биримдиктеринин өнүгүү жолу
04.11.2019 11:54
Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып келе жаткан “Эрайым” уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун үчүнчү фазасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы ӨЖТ топтордон түзүлгөн “Курманжан Датка”, “Шарк”, “Керме-Тоо” Биримдигинин мүчөлөрүнө ушул жылдын 16-17-18-октябрь күндөрү “Эрайым”АКБси тарабынан ӨЖТ Биримдиктеринин өнүгүү жолу аталышындагы программада 3 күндүк окуу көнүгүм уюштурулду. Көнүгүмдү “Эрайым” АКБнин төрайымы Р.Жусупова жана машыкчы А.Кошумбаевдер өтүштү.
Долбоордун өнөктөшөрүнө беш күндүк балдар психологиясы боюнча окуулар уюштурулду
30.10.2019 16:16
Германиянын “Дүйнөгө Нан” эл аралык уюму колдоого алып, “Эрайым” уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун үчүнчү фазасынын алкагында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы социалдык кызматкерлерге жана райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө боюнча тескөөчүлөрүнө, ак халатчан айымдарга ушул жылдын 14-октябрынан 18-октябрына чейин беш күндүк психологиялык көнүгүмдөрдүн курсу өткөрүлдү.
Балдар менен иштөөнүн жаңыча ыкмаларын үйрөтүү сабагы улантылды
30.10.2019 15:10
Жалал-Абад облусундагы Акман, Базар-Коргон айыл аймактарынын жана Жалал-Абад шаарындагы Ч. Айтматов жергиликтүү аймактык башкаруусунун кызматкерлеринин жарандар менен иштөө дараметин күчөтүү, адистердин балдар психологиясы боюнча билимин жогорулатуу максатын көздөгөн көнүгүм улантылды.
Соцпедагогдор жана балдар иштери боюнча инспекторлор үчүн окутуулар
12.10.2019 16:49
Жалал-Абад облусундагы Акман, Базар-Коргон айыл аймактарындагы жана Жалал-Абад шаарындагы Чынгыз Айтматов жергиликтүү аймактык башкаруусунун кызматкерлеринин жарандар менен иштөө дараметин күчөтүү максатында адистердин балдар психологиясы боюнча билимин жогорулатуу максатында социалдык педагогдор, балдар иштери боюнча инспекторлордун катышуусунда беш күндүк окутуу өттү.
Кичинекейлер Кыргыз тилин данкташты
11.10.2019 19:48
Кыргыз тилинин Мамлекеттик статус алгандыгынын отуз жылдыгын кичинекейлер да белгилеп жатышат. Анын бир мисалы катары Эне мектептериндеги иш чараларды айтсак болот. Базар-Коргон районундагы Акман жана Базар-Коргон айыл аймактарында жайгашкан мындай жайдын ар биринде «Кыргыз тилин дактайбыз!» аталышында майрамдык иш чаралар өттү.
Долбоордун үчүнчү фазасынын бет ачаары болду
11.10.2019 19:09
Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму колдоого алып, “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан 2014-жылдан бери Ош жана Жалал-Абад облустарында ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун үчүнчү фазасынын ачылуу аземи Жалал-Абад облусунда өткөрүлдү.
Ош облусунда элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө долбоорунун III-фазасынын ачылуу аземи өткөрүлдү
11.10.2019 16:06
Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып келе жаткан “Эрайым” уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун үчүнчү фазасы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында 2019-жылдан 2022-жылга чейин үч жылга узартылды.