Ийримдер өз ишин ийгиликтүү баштады
27.09.2019 17:08
Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып келе жаткан “Эрайым” уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун үчүнчү фазасынын алкагында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл амактарындагы №16-Абу Али ибн Сина, №86-Курманжан Датка, №117-К.Маткеримов атындагы орто мектептеринде уюшулган англис тил жана этноансамбль ийримдери өз ишин ийгиликтүү баштады.
Өзгөчө бала
27.09.2019 16:15
Бийназар Абдиев Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы гимназия жатак мектебинде бешинчи класстан бери билим алды. Ал башталгыч класста окуп жүргөндө өтө түнт, көпчүлүккө аралашпган, тартынчаак бала болгон. Мунун сырын тайэнеси Сыргабаева Паринса айым мындайча түшүндүрдү:
Көйгөйлөрүн өздөрү чечип
27.09.2019 15:23
Базар-Коргон районундагы Бешик-Жон айыл аймагына караштуу Карача айылындагы Саймаале жаңы көчөсүндө бир топ чечилбеген көйгөйлөр бар. Жаңыдан түптөлүп келе жаткандыктан айыл эли да бир катар маселени өздөрү эле чечип алууну, жергиликтүү бийликке жардам берүүнү чечишкен.
“Курманжан Датка” ӨЖТ Биримдигинин балчылык ишкерлиги
24.08.2019 17:24
Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Эрайым” уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында түзүлгөн ӨЖТ Биримдиктери финансылык туруктуулукту аркалап, киреше алып келүүчү кичи жана орто ишкерликтерди ача башташты. Мындай саамалыктын бири Ош дубанына караштуу Кара-Суу районунун Мады айыл аймагындагы “Курманжан Датка” Биримдиги ишке киргизген “Балчылык” ишкерлиги болуп саналат.
“Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун 3-фазасы өз ишин баштады
31.07.2019 16:16
2014-жылдан бери Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып келе жатакан “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун үчүнчү фазасы дагы 3 жылдык мөөнөткө узартылды.
Дандыр жасоо ишкердигин аркалаган айым
20.07.2019 10:11
Карамат Токторалиева Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айыл аймагына караштуу Сай-Маале айылында жашайт. Аны айылдаштары чоң дыйкан катары таанып келишкен. Себеби, үлүшкө тийген эки гектар жер аянтына жер-жемиштин бардыгын өстүрүп, өзүнүн керектөөсүнөн ашкандарын базарга сатып, же айылдаштарына берип, үй-бүлөлүк кирешеси агыл-төгүл болуп турчу. Бирок, ал өз ишмердүүлүгүн өзгөртүүнү чечти.
ӨЖТ Биримдиктер Өзбекистан Республикасынын Андижан шаарына барышты
20.07.2019 09.54
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып, үч жылдан бери “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында уюшулган Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Кызыл-Кыштак, Мады айыл аймактарында тузүлгөн ӨЖТ топтору, Шарк, Керме-Тоо Биримдигинин мүчөлөрү, Энелер мектебинин эмгек жамааты, “Эрайым” АКБнын кызматкерлери чогулуп, 2019-жылдын 7-июль күнү Өзбекистандын бир нече шаарларына жана тарыхый жайларына саякат уюштурушту.
Ишкер айымдардын форумуна катышты
19.07.2019 15:54
«Эрайым» аялдар коомдук бирикмесинин Жалал-Абад облусундагы тирекчиси, ошондой эле аталган уюм тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун Жалал-Абад облусу боюнча өз жардам тобунун тирекчиси Кишимжан Боронбаева Кыргызстан ишкер аялдарынын республикалык форумуна катышып келди.
БӨЖТ мүчөлөрү кезектеги саякатка чыгышты
15.05.2019 13:39
Мектеп окуучулары жалаң гана сабак окуу менен чектелбей, эл аралык уюмдар колдогон долбоорлордун таасири менен ар тараптуу өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алышууда. Алар коомдук иштерге активдүү катышып, ар кандай көйгөйлүү маселелерди чечүүдө демилге көтөрүп, салым кошуп келишет.
ӨЖТ Биримдиктери тарыхый жайларда болушту
28.04.2019 17:19
“Эрайым” аялдар коомдук уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында уюшулган Базар-Коргон районундагы ӨЖТ Биримдигинин мүчөлөрү тарыхый жайларга саякат уюштурушту. Алар Өзгөн шаарындагы тарыхый Мунараны көрүштү. Он биринчи кылымдан бери сакталып келе жаткан бул жайдын ичин, андагы тарыхый жазуулар, жасалгаларын көрүштү.