ӨЖТ тастыктамасы Казакстанда
02.11.2018 20:38
2018-жылдын 27-28-октябрында «Эрайым» аялдар коомдук бирикмесинин өз жардам топтору (ӨЖТ) боюнча эксперттери Абдылас Кошумбаев жана Эльмира Сепишова Казакстан Республикасынын Алмата шаарында иштеп жаткан «Оперэйшн Мерси» эл аралык уюмунун чакыруусу менен ал уюмдун кызматкерлерине жана алардын максаттуу топторунун 20 мүчөсүнө ӨЖТнун тастыктамасы (концепциясы) жөнүндө көнүгүм өткөрүү максатында иш сапарда болуп кайтышты.
Көнүгүмдүн биринчи күнү эксперттер «Эрайым» уюму жөнүндө кыскача маалымат беришип, андан соң ӨЖТнун тастыктамасы боюнча Абдылас Кошумбаев интерактивдик ыкма жана слайд көрсөтүү жолу менен кенен түшүндүрүп айтып берди. Көнүгүмдүн жүрүшүндө «Эрайым» аялдар коомдук бирикмесинин Германиялык «Дүйнөгө нан» эл аралык уюму колдоого алган «Салттык жана заманбап усулдарды колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө ынтымак, достук, биримдикти бекемдөө» долбоорунун негизинде түзүлгөн өз жардам топторунун социалдык багыттагы иш-аракеттерин сүрөттөп кетти. Ал эми ӨЖТнун экономикалык багытындагы мисалы катары Жумгал районуна караштуу Көк Мойнок айыл аймагындагы «Назбийке» ӨЖТнун мүчөлөрү уюштурган газдалган сууну өндүрүүчү цехинин натыйжалуу ишмердүүлүктөрүнүн жыйынтыктары жөнүндө Сепишова Эльмира слайд аркылуу көрсөтүп айтып берди.
Көнүгүмдүн экинчи күнү катышуучуларга ӨЖТнун жобосу сунушталып, иш кагаздары менен тааныштырылды. Эксперттер катышуучулардын ӨЖТун түзүү, уюштуруу жагынан берилген суроолоруна мисалдарды келтирүү менен жооп беришти. Ошондой эле «Оперэйшн Мерси» уюмунун «ӨЖТун уюштурууга эмне керек?» деген суроосуна ӨЖТун түзүүдө программа, аны иш жүзүнө ашырууга атайын команда түзүлүүсү зарыл экендиги жана каржылык колдоо керектиги боюнча машыкчылар тарабынан сунуштар берилди. «Оперэйшн Мерси» уюму келечекте «Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси менен кызматташуу ниетин билдиришти.
Эрайым Пресс