logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Жаңылыктар

Мугалимдер үчүн 2018-жайкы англис мектеби башталды

101.06.2018  18:00

“Мугалимдер үчүн жайкы англис тил мектеби” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Ыссык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында англис тили боюнча 10 күндүк окуу курстарынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул долбоор Британиянын кайрымдуулук комиссиясынын алдында түзүлгөн "The Erayim Aid Trust UK (Улуу Британиядан Эрайымга Ишенимдүү Жардам)" деп аталган UK 1163524 номуру менен катталган Британиялык кайрымдуулук уюму тарабынан каржыланды.

Толугураак...

Ак элечек- ынтымактын ыйык тумары

001.06.2018  17:36

Энелер күнүнө карата Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан уюшулган Биримдике мүчө болгон жигердүү Өз жардам топтордун демилгеси менен “Ак элечек – ынтымактын ыйык тумары” аталышындагы иш-чара ушул жылдын 20-май күнү Шарк айыл аймагынын Маданият үйүндө болуп өттү.

Толугураак...

Эмоцияны жеңүүнүн жолдору

024.05.2018  11:07

Жалал-Абад шаарындагы №7-Алым Усман атындагы орто мектептеги Балдардын өз жардам топтору үчүн “Эмоцияны жеңүүнүн жолдору” аталышында тренинг өтүлдү.

Толугураак...

Көптөн күткөн жөө кыялар орнотулду

118.05.2018  19:37

Көптөн күткөн жөө кыялар Шарк айыл аймагындагы жана Ош шаарындагы автоунаалар көп жүрүүчү Привокзальный-Садиков менен Аношина көчөлөрүнүн аралыктарына орнотулду.

Толугураак...

ӨЖТлардын Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына кошкон салымы

1

07.05.2018  08:54

Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы гимназия жатак мектеби менен ушул эле райондогу Өлмөскан Атабекова атындагы орто мектепте мугалимдер арасында уюшулган “Береке” жана “Жаштар” Өз жардам топторунун мүчөлөрү жакшы саамалыкты жаратышты. Алар кыргыз элинин атактуу жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, кыргыз деген калын журтту ааламга тааныткан Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата райондогу мектептер арасында уюштурулган кароо-сынакта өздөрүнүн талантын тааныта алышты.

Толугураак...

ӨЖТ ишкерлеринен Эне мектептерге колдоо

107.05.2018  08:28

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан 2014-жылдан бери Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Кызыл-Кыштак, Мады айыл аймактарында жыйырма Эне мектеп ачылып, андан сырткары долбоордун сырткы аймактарында төрт Эне мектеп, жалпы 24 Энелер мектеби өз кучагына 650дөн ашуун балдарды алып, бүгүнкү күндө окутуп, тарбиялап келүүдө. Ал эми 93 айыл жашоочусу жумуш орун менен камсыз болушкан.

Толугураак...

Адам сатуу көйгөйү “Форум театрда”

002.05.2018  18:24

Жалал-Абад шаарындагы №7-Алым Усман атындагы орто мектепте уюшулган “Форум театр” ийриминин катышуучулары адам сатуу көйгөйүнө багытталган “Талкаланган тагдыр” аталышындагы сценканы ушул мектептин жогорку класстарынын окуучуларынын жана мектеп мугалимдеринин катышуусунда тартуулашты.

Толугураак...

Эне мектептеринен - Эне мектептерине кызматтык көмөк

102.05.2018  18:20

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун каржылоосунда “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун,ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорун ишке ашырууда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында ата-энеси сыртта мигрант катары иштеп жүргөн, чоң ата менен чоң эненин тарбиясында калгандарды, ата-энеси жок же көп үй-бүлөлүү чөйрөдө, аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашап жаткан ошондой эле бала-бакчага барбай калган балдар үчүн бүгүнкү күнгө чейин жыйырма Эне мектеби ачылып, 600дөн ашуун жеткинчек балдар тарбияланууда.

Толугураак...

«Эрайым» уюмунун көчмө жыйыны

126.04.2018   19:53

“Эрайым” АКБсынын жетекчиси Рахила Жусупова жана ушул уюм тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун координатору Гулнара Нурматова, долбоордун ӨЖТ боюнча эксперти Абдылас Кошумбаев, кызматкери Маматказы Капаровдордун катышуусунда Ош жана Жалал-Абад облустарындагы долбоор активисттери менен көчмө жыйын өткөрүлдү.

Толугураак...

БӨЖТлар үчүн пайдалуу көнүгүм

126.04.2018  17:33

Базар-Коргон районундагы Токтогул Сатылганов атындагы орто жана ушул эле райондогу Жоомарт Бөкөнбаев атындагы гимназия жатак мектебинде уюшулган Балдардын өз жардам топтору үчүн “илим, билим жана тартип” аталышында тренинг өткөрүлдү.

Толугураак...

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru