logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Жаңылыктар

«Менин мекеним - Кыргызстан»

126.04.2018  16:50

«Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө» долбоору боюнча орус тили ийримин жетектеп жаткан Давлатова Аксана долбоорго кирген Базар-Коргон районундагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинде ийримдин катышуучулары менен “Мекеним менин Кыргызстан, мен сени жан дилим менен сүйөмүн” аталышында кече уюштурду.

Толугураак...

ӨЖТнын балдары “Алиппе” менен коштошту

126.04.2018  11:55

Базар-Коргон районундагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебиниин 1-“А” классынын окуучулары үчүн “Кош бол, “Алиппе” аталышындагы жагымдуу кече өткөрүлдү.

Толугураак...

Футбол академиясына сапар

220.04.2018  22:35

Кара-Суу районунун Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында «Эрайым»АКБсы тарбынан уюшулган БӨЖТ мүчөлөр жана Лидерлик ийриминен футболго кызыккан мүчөлөрү ушул жылдын 14-апрель күнү Ош шаарында жаңыдан ачылган А.Момунов атындагы футбол академиясына сапар жасашты.

Толугураак...

“Байбол” өжт мүчөлөрү спорттун мыктылары

120.04.2018   22:30 

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу II-тайпа усулдук бирикмесинин Нариман, Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айыл округундагы мектептер ортосунда 2018-жылдын апрель айында мугалимдер спартакиада зона биринчилиги болуп өттү.

Толугураак...

“Биз кылмыштуулукка каршыбыз” иш-чарасы

120.04.2018   22:22

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагына караштуу Ишкаван айылындагы №117-К. Маткеримов атындагы орто мектебинде ушул жылдын 12-13-апрель күндөрү “Эрайым”аялдар коомдук бирикмесинин Ош облусундагы Коомчулук менен байланышуу түзүү кызматкери Давлатов Эрлан, Укук кеңешчи Кадирходжаев Дилшод, Психолог Анарбаева Дилфуза баштаган кызматкерлер тарабынан “Биз кылмыштуулука каршыбыз” аталышындагы иш-чара жана “Лидерлик Дебат” уюштурулду.

Толугураак...

Туура мамиле куруу формуласы

120.04.2018  22:15

Базар-Коргон районундагы Колот айылындагы Ысак уулу Тешебай атындагы орто мектепте уюшулган Лидерлик ийриминин мүчөлөрү Туура мамиле куруу формуласы аталышында акция уюштурушту.

Толугураак...

Шыкактоо жана талам талашуу тренинги

120.04.2018  22:07

Жалал-Абад шаарындагы №7 Алым Усман атындагы орто мектепте окуучулар арасында уюшулган Балдардын өз жардам топторунун курамында “Шыкактоо жана талам талашуу” жагдайында тренинг өткөрүлдү. Аны “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө ” долбоорунун тренери Жанара Рыскулова алып барды.

Толугураак...

Жашоодо да лидер болууну самаган кыздар

20.04.2018  21:581

Курбанбек кызы Давлат, Советбек кызы Аруукелер Базар-Коргон районундагы Колот айылындагы Исак уулу Тешебай атындагы орто мектепте окушат. Аларды жакындан билген курбулары мурда ачылып сүйлөй бербеген, бир мүнөздүү, түнт кыздар деп билишчү. Сабактарынан жакшы окушканы менен алар башка курбуларындай болуп оюн тамашаларга көп катыша беришчү эмес. Мектепке Лидер ийрими келгенде, алар биринчилерден болуп, ал ийримге жазылышты. Себеби, мүнөздөрүн өзгөртүүнү каалашты. Алар күткөндөй эле аталган ийримдин жетекчиси Жанара Рыскулова ачык мүнөз, тез эле тил табышып кеткенге жөндөмдүү, балдар менен иш алып барууда мол тажрыйбага ээ, дасыккан тренер экендиги көрүндү. Кыздар болсо ийримдин башка мүчөлөрү менен бирдикте сабакка үзбөй катышып, ар бир сабактан өздөрүнө жаңы нерселерди алып жатышты.

Толугураак...

Аймакты жашылдандыруу

120.04.2018  21:49

Жаз келип, бардык аймактарда айлананы көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери кызуу жүрүп жаткан кезде Ош областынын Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан уюшулган «Байбол», «Ырыскы», «Радуга», «Навбахор», «Гүлбахар», «Ырыскы», «Акниет» ӨЖТ мүчөлөрү менен «Оомат», «Жакшылык», «Балажан» , «Өнүгүү», «Келечек» БӨЖТлардын мүчөлөрү четте карап турбастан, алар да өз айылдарынын көчөлөрүнө, бош жаткан аянттарга гүлдөрдү жана бак тигүүнү колго алышты.

Толугураак...

“Тазалык” акциясы

120.04.2018  21:39

Үстүбүздөгү жылдын 4-апрелинде Ош шаардык балдарды жана үй-бүлөнү реаблитациялоо адистештирилген борборунда “Тазалык” акциясы болуп өттү.

Толугураак...

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru