Австриялык ICEP уюмунан кайрымдуулук жардам
16.05.2020 12:15
Кыргызстандагы азыркы кырдаал демейки жашоону түп тамырынан өзгөрттү. Кыргызстанда калктын калың катмары каржылык, психологиялык жана экономикалык жактан катаал кыйынчылыктарга дуушар болууда. Ушундай кыйынчылык күндөрү “Эрайым” уюмунун дагы бир өнөктөшү, дүйнөлүк жакырчылыкты жоюу багытында иш жүргүзгөн Австриялык “ICEP” (Долбоорлорду өнүктүрүү боюнча кызматташтык Институту) эл аралык бейөкмөт уюму жардамга кол сунду.
Англис тил ийриминин ийгилиги
11.05.2020 21:34
Азыркы кырдаалдан улам, мектептерде сабак токтоп турат. Антсе да, "Эрайым" АКБнин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн тобу жумуштарын токтотушкан жок. Долбоор боюнча иштеп жаткан ийримдер аралыктан сабактарын графиктен калышпай, жүргүзүп келишти. Мында англис тил ийриминин ийгилиги тууралуу айтпай коюуга болбойт.
Психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүүлөр кырдаалга жараша аралыктан жүрүп жатат
04.05.2020 11:48
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында психологиялык жана юридикалык кеңештер азыркы кырдаалдан улам аралыктан телефон жана WhatsApp аркылуу жүргүзүлүп жатат.
Этноансамбль ийрими аралыктан сабак өтүүнү улантып жатат
04.05.2020 10:52
"Эрайым"аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан "Салттык жана заманбап усулдарды колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө" долбоору боюнча Жалал-Абад облусундагы долбоорго кирген мектептерде уюшулган этноансамбль ийрими азыркы кырдаалга байланыштуу аралыктан сабак өтүүнү улантып жатат.
Аралыктан юридикалык кеңештер берилүүдө
25.04.2020 18:49
Өлкөдөгү акыркы кырдаалдан улам карантиндин талаптарын аткаруу менен "Эрайым" аялдар коомдук бирикмесинин Жалал-Абад облусундагы кызматкерлери өз милдеттерин аралыктан туруп жүргүзүүнү улантып жатышат. Долбоордун юристи Гулнара Ташиева карантин башталгандан бери жети адам менен аралыктан иш алып барган.
Эне мектептер даярдоо тайпаларын аралыктан даярдап жатышат
24.04.2020 14:26
"Эрайым" аялдар коомдук бирикмеси ишке ашырып жаткан долбоордун алкагында Базар-Коргон районундагы Акман жана Базар-Коргон айыл аймактарындагы эне мектептери азыркы кырдаалдагы карантин учурунда аралыктан окутууну улантып жатышат.
Базар-Коргондогу кызматкерлер Zoom байланышы аркылуу иштеп жатышат
23.04.2020 15:03
"Эрайым" аялдар коомдук бирикмесинин Жалал-Абад облусундагы жамааты азыркы кырдаалдан улам жумуштарын Zoom байланышы аркылуу жүргүзүп жатышат. Карантинден улам сыртка чыгуу мүмкүн болбогондуктан, ар бири өз үйлөрүндө, өз милдеттерин буга чейин аткарып келишкен. Мына ошол жумуштар, дагы алдыда турган иш багыттар боюнча жумушчу топ кезектеги жыйынын өткөрдү.
Ийримдер онлайн сабагын улантып жатышат
20.04.2020 18:00
"Эрайым" аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан "Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө" долбоору боюнча Жалал-Абад облусундагы долбоорго кирген мектептерде англис тили ийримин жетектеп жаткан Айсулуу Орозова азыркы COVID-19 коронавирусуна байланышкан кырдаалга карап, окуучуларына онлайн сабагын өтүп жатат. Анын айтымында ал сабакты 30-марттан баштаган. Окуучуларын үч тайпага бөлүп алып жүргүзөт. Адегенде ал видеосабак түзүп чыгып, ар бир окуучуга WhatsApp колдонмосу аркылуу жиберет. Балдар ал видеосабак менен таанышкандан кийин, видеобайланышка чыгып, ар бири менен байланышат. Андан кийин тапшырма берет. Кийинки сабакта жооп алат. Баарлашуу да суроо-жооп иретинде жүрөт. "Кырдаалга карап, карантиндин аякташын күтүп олтура берсек, балдар буга чейинки үйрөнгөндөрүн унутуп калышат. Экинчиден, программадан да арта калабыз. Ошондуктан сабакты үзгүлтүккө учураткан жокмун" дейт, А.Орозова.
Ушундай эле онлайн сабактар “Эрайым” уюмунун Кара-Суу районундагы долбоор аймактарында дагы жүргүзүлүп жатат. Өзүнүн биринчи онлайн сабагын долбоордун Кара-Суу району боюнча Англис тил ийриминин жетекчиси Элиза Алмазбекова дагы өткөрдү.
Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу
Ош дубанындагы кызматкерлер өз ишин аралыктан онлайн режимде улантууда
17.04.2020 19:30
Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Германиянын “Дүйнөгө Нан” эл аралык уюму колдоого алган “Эрайым” АКБнин “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун Кара-Суу районундагы кызматкерлери өз иштерин убактылуу онлайн режимде улантууда.
Коргонуучу беткаптар ӨЖТнун тигүү цехинде тигилип, муктаждарга таркатылды
15.04.2020 19:43
COVID-19 коронавирусу өлкөдө жайылгандан бери вирустан коргонуучу беткаптар өлкөнүн дарыканаларында таңкыс болуп келүүдө. Мындай апат күндөрү аярлуу үй-бүлөлөр көбүрөөк кыйынчылыка дуушар болууда. Базар-Коргон районундагы Акман жана Базар-Коргон айыл аймактарында жашаган аярлуу топторго беткап жана антисептиктер таркатылды.