logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Жаңылыктар

Айылдык айымдарды ишкерликке үйрөтүү окуу-көнүгүмдөрү Базар-Коргондо болуп өттү

125.09.2020   09.25

Австралиянын Москвадагы элчилигинин Тике жардам программасынын (DAP) алкагында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Кыргызстандын айыл аймактарындагы аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоору боюнча Базар-Коргон районунун Акман, Базар-Коргон жана Жараке айылдарында ишкерлик болжом 2 күндүк окуу-көнүгүмдөр болуп өттү.

Толугураак...

ӨЖТ мүчөлөрү көптөн күткөн ишкерликке үйрөтүү көнүгүмдөрү башталды

123.09.2020   07.05

Ош облусунун Кара-Суу районунда Австралия Өкмөтү тарабынан колдоого алынып «Эрайым» АКБси тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргызстандын айыл аймактарындагы аялдардын укутарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында Кызыл-Кыштак, Мады, Шарк айыл аймактарында түзүлгөн Өз жардам топтору үчүн “Ишкерликти пландоо жана аны ишке ашыруу” аталышындагы окуу көнүгүмдөр уюштурулду.

Толугураак...

“Эрайым” уюмунун Ош облусундагы координатору “Айыл чарбасынын мыктысы” төш белгиси менен сыйланды

605.09.2020  18:06

Дюшеналиева Нарынкүл Абдыкадыровна Нарын шаарында 1957-жылы 7-январда төрөлгөн. 1975-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айыл аймагынын Учкун айылына турмушка чыгып, төрт уулду болуп, аларга мыкты тарбия берип, учурда балдардын, неберелердин бактылуу чоң энеси. Ал эми кесиби боюнча өнөр жай товар адиси. 1996-жылдан баштап эл аралык өкмөттүк эмес уюмдардын окууларынан өтүп, көптөгөн күбөлүктөргө жана ийгиликтерге жеткен.

Толугураак...

Дыйканчылык кирешелүү тармак

005.09.2020  17:48

Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун колдоосунда ишке ашырылган “Эрайым” уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында түзүлгөн ӨЖТ Биримдиктери каржылык туруктуулукту аркалап, киреше алып келүүчү кичи жана орто ишкерликтерди жүргүзүп келүүдө.

Толугураак...

COVID-19 таажы вирусу менен күрөшүү

005.09.2020   17:20

Коронавирус илдети дүйнөгө тарап, коомчулуктун тынчсыздануусун жана адамдардын коркунуч сезимдерин күчөттү, аны менен бирге ар бир өлкөнүн экономикасына өзүнүн олуттуу терс таасирин тийгизүүдө. Бул ооруну алдын-алуу жана андан сактануунун эрежелерин айыл тургундарына жеткирүү максатында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Мады жана Кызыл-Кыштак айыл аймактарында “Курманжан Датка”, “Керме-Тоо”, “Шарк” биримдиктерине, ӨЖТ, БӨЖТ мүчөлөрүнө “COVID-19 таажы вирусу жана аны менен күрөшүү жолдору” аталышындагы онлайн окуу көнүгүмү уюштурулду.

Толугураак...

Юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтүү аймактарда өз ишин баштады

122.06.2020  16:12

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында кырдаалга байланыштуу буга чейин юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтүүлөр онлайн абалда аралыктан иштеп келген болсо, ал эми 8-июндан тарта санитардык эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өз иштерин аталган 3 аймакта улантууда.

Толугураак...

“Стоп COVID-19” маалымат өнөктүгү

122.06.2020  15:10

Германиянын “Дүйнөгө нан” уюму колдоого алган “Эрайым” уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Кара-Суу районундагы Шарк, Мады жана Кызыл-Кыштак айыл аймактарында өзүнө 226 мүчөнү камтыган балдардын 30 өз жардам тобу түзүлгөн.

Толугураак...

“Навбахор” ӨЖТ өзгөчө кырдаал учурунда ийгиликтүү иш башташты

106.06.2020   12:45

Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагындагы Атабек Тургунов баштаган “Навбахор” үй бүлөлүк ӨЖТнун мүчөлөрү Германиянын “Дүйнөгө нан” уюму колдогон “Эрайым” уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында уюшулган “Кичи ишкерликти баштоо”, “Үй бүлөлүк каржы” окууларына жигердүү катышып, кичи ишкерликти баштоону чечишти.

Толугураак...

Эне мектептери окутууну аралыктан улантып жатышат

1

03.06.2020   11:43

"Эрайым" аялдар коомдук бирикмеси ишке ашырып жаткан долбоордун алкагында Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы эне мектептер кырдаалга байланыштуу балдар жана ата-энелер менен аралыктан окутуу иштерин улантып жатышат.

Толугураак...

Кайрымдуулук иштерибиз менен башкаларга үлгү бололу

102.06.2020   17:56

Ош облусунун Кара-Суу районунда “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан уюшулган ӨЖТ Биримдиктеринин мүчөлөрү COVID-19 илдетинен улам Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында колдоого муктаж болгон 40 үй-бүлөгө 24000 сомдук жардам көрсөтүштү.

Толугураак...

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru