logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Жаңылыктар

Үч күндүк окутуу ийгиликтүү жүрдү

103.02.2020  16:20

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин эне мектептер боюнча экспрети Дильнара Майгулакова Жалал-Абад облусунда долбоор боюнча иштеп жаткан эне мектептери үчүн үч күндүк окутуу жүргүздү.

Толугураак...

Эне мектептеринин кызматкерлери үчүн үч күндүк окуу

028.01.2020  11:04

Үстүбүздөгү жылдын 20-22-январлар аралыгында Германиянын "Дүйнөгө Нан" уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Эрайым" уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында иштеп жаткан эне мектептеринин жетекчилери жана тарбиячылары үчүн көнүгүмдөр курсу болуп өттү.

Толугураак...

Медиаторлорду даярдоо үчүн алты күндүк окутуу

Gulsina Kozhoyarova a Trainer Mediator21.01.2020   16:58

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун үчүнчү фазасында коомчулуктагы кандай болбосун талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен эффективдүү чечүү максатында медиация ыкмасы жаңылык катары киргизилген.

Толугураак...

ӨЖТ Биримдиктерин үчүн үч күндүк окутуу

021.12.2019   13.04

18-20-декабрлар аралыгында Германиянын "Дүйнөгө Нан" уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Эрайым" уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак, Базар-Коргон районундагы Акман жана Базар-Коргон айыл аймактарындагы 6 ӨЖТ Биримдиктеринин Ордо мүчөлөрү үчүн «Стратегиялык узак мөөнөттүү иш планды иштеп чыгуу» аталышында үч күндүк окутуу Ош шаарында болуп өттү.

Толугураак...

Күз майрамын коштогон Балаты майрамы

013.12.2019  16:43

Базар-Коргон районунун Акман жана Базар-Коргон айыл аймактарда иштеп жаткан Эне мектептеринде бөбөктөрдүн шаңдуу майрамдары өтүп жатат. Аны “Күз жана Балаты майрамы” деп аташты. Күз мезгилин жаңы гана узатканыбыз менен бөбөктөр күз айындагы берекелүү дасторконду, суктандырган жаратылышты эстешип, ал сулуулукту сүрөткө түшүрүп, ыр ырдап, бий бийлеп, майрам уюштурушту. Анын артынан эле саналуу күндөн кийин кирип келген Жаңы жыл тосуу майрамын да уюштура башташты.

Толугураак...

Зордук-зомбулукка каршы өнөктүк

013.12.2019  12.16

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Базар-Коргон районунда иш алып барып жаткан долбоордун психологу Жылдыз Калдарбекованын уюштуруусу менен Кыргызстандын аймагында өтүп жаткан “Зордук-зомбулукка каршы” өнөктүгүн колдоо максатында жөө жүрүш уюштурулду.

Толугураак...

Эне мектептеринин тарбиячылары көптү үйрөнүштү

412.12.2019   14.23

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Эне мектептер багытындагы тажрыйбалуу адиси Дильнара Майгулакова Базар-Коргон районунда иштеп жаткан Эне мектептеринин тарбиячылары үчүн үч күндүк октуу-тренинггин ийгиликтүү жүргүздү. Мындай дегенибиз долбоор боюнча жыйырма Эне мектеби иштеп жаткан болсо, бардыгынын тарбиячылары бул окууга активдүү катышууга жетишишти.

Толугураак...

Эне мектептер арасындагы “Ачык сабактар” сынагы

110.12.2019  17:41

Балдарыбыздын, элдин жана өлкөнүн келечеги тарбиячылардын колунда. 2019-жылдын 3-декабрында Шарк айыл аймагындагы №16-Абу Али ибн Сина мектебинде тарбиячыларды ар тараптан өнүктүрүү максатында Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму колдоого алган “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун III-фазасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Мады жана Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы эне мектептеринин арасында “Ачык сабактар” аталышындагы сынак уюштурулду.

Толугураак...

“Биз СПИДке каршыбыз” тегерек столу

110.12.2019  17:36

СПИД (ИЖОС - иммунитет жетишсиздик оорусунун синдрому) илдетине каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү жыл сайын өткөрүлүп, анда ВИЧ (АИЖВ - адамдын иммунитет жетишсиздигинин вирусу) илдетине каршы күрөшүү максатында дүйнөдөгү элдер биригишет, ВИЧ менен жашагандарга кодоо көрсөтүшөт жана СПИДтен каза тапкандарды эскеришет.

Толугураак...

«Асылзатта» асыл иштер бар

125.11.2019  07.58

Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагына караштуу Кош-Коргон айылында «Жакшылык» жана «Максат» өз жардам топтору бар. Алар үйдө олтурган кыз-келиндерден жана улуу муундагы байбичелерден куралган. Улуулар жаштарды туура жолго салып, аларга да турмуштук тажрыйбасын үйрөтүп гана тим болушпастан, өнөр секисине жетелеп келишет. Ар бир топто он экиден айым бар. Ар биринде ар кыл талант, өнөр болгондуктан, бири-биринен да үйрөнө алышат. Эми булар “Асылзат” ӨЖТ Биримдигине биригишкен. Мында алар аткара турган иш арбып, кадыр-барктары да өсүп жаткандыгын айтышат.

Толугураак...

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru