0

20.07.2019  10:11

Карамат Токторалиева Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айыл аймагына караштуу Сай-Маале айылында жашайт. Аны айылдаштары чоң дыйкан катары таанып келишкен. Себеби, үлүшкө тийген эки гектар жер аянтына жер-жемиштин бардыгын өстүрүп, өзүнүн керектөөсүнөн ашкандарын базарга сатып, же айылдаштарына берип, үй-бүлөлүк кирешеси агыл-төгүл болуп турчу. Бирок, ал өз ишмердүүлүгүн өзгөртүүнү чечти.

“Эрайым” АКБсы тарабынан айылдагы кыз-келиндердин башын кошкон өз жардам тобуна биринчилерден болуп мүчөлүккө катталды жана шыкактоо багытындагы “Үй-бүлөлүк бюджет” жана “Ишкерликтин сырлары” аталышындагы окутуу-тренингдерине катышты. Андай окутуулар ага катуу таасир бергенби, бир оюнан кайтпай, ишке киришти. Аз өтпөй “Мээрим” өз жардам тобун жетектеп, жумушу жок олтурган кыз-келиндерди шыкактап, аларды активдүү болууга, айылдагы көйгөйлүү маселени көтөрүп чыгууга, жоктон барды жаратууга үндөдү. Азыр топтун мүчөлөрү чарба жүргүзүү, теше жер болсо да, ага жер-жемиш өстүрүп, эң алдын өз муктаждыктарын чечүүнүн жолун үйрөнүп калышты. Өздүк фонддору бар. Анда жыйналган каражатты ич ара иштетип да жатышат. Мындан сырткары биргеликте айылдагы көйгөйлөрдү көтөрүп чыгып, жергиликтүү бийликке билдиришет, аны чечүүнүн жолдорун биргеликте издешет. Өз жардам топторунан куралган Биримдиктерге да кире алышты. Азыр ишкер айым “Ак тилек” Биримдигинин активдүү мүчөсү.

“Финка” кредит банкынан 500 миң сом насыя алды. Жашап жаткан үйдүн бир ыптасына дандыр жасоочу жай даярдады. Аны күнөсканага окшоштуруп, жерин камдап, топурак төктү, айланасын тосту. Анан үстүн сапаттуу желим пленка менен жаап чыкты. Эми топурак сатып алуу керек. Базар-Коргон тараптагы адырларда дандырга ылайыктуу ак топурак жокко эсе. Себеби, шорлуу келет экен. Ал үчүн Жалал-Абаддан, же Совет-Абаддан сатып алып жатты. Бир машина топуракты алты жүз сомдон сатып алат. Ал эми бир машинадан нан жаба турган чакан дандырдан он эки даананы жасоого болот. Демек, дандырдын ар бири 1000 сомдон 1200 сомго чейин сатылат. Көлөмү чоң, самса, же атайын нан бышыруучу жайлар үчүн жасалган дандырдан төрт, же беш даана чыгат. Алардын баасы 3000 сомдон, 8000 сомго чейин. Муну дандыр жасап жүргөн, каныккан дандырчылар кеңеш беришти. Өздөрү да жардамга келишти. Негизи биздин чөлкөмдө дандыр жасоо менен тиричилик кылган адамдар арбын эле. Ар биринин өзүнчө ыкмасы болот. Сузак тараптагы дандырчылардын ишин да көрдү. Өзү да атайын адамдарды жалдап, аларды иштете баштады. Бактыга жараша ал жалдаган дандырчылар мээнеткеч, таза иштеген, ишти да сапаттуу аткарган адамдар болуп чыкты. Мына ошондуктан жыл айланбай анын ишкердиги тууралуу, тактап айтканда, дандырлары жөнүндө тез эле элге билинди. Кардарлар атайын издеп келип жатышты. Карамат айымдын айтымында жалгыз гана Базар-Коргондон эмес, Ноокенден баштап, Аксы, Ала-Бука, Таш-Көмүр тараптан, а түгүл Бишкектен да келишип, сатып алып жатышты. Азыр болсо, алардын туруктуу кардарлары бар. Мына ошондуктан бир жыл мурда тобокелчилик менен алган насыясынан кутулуунун алдында турат. Демек, “ишти баштаганда эч нерседен коркпош керек экен. Алдыңа максат коюп, ага жетиш үчүн аракет жасасаң эле, бардыгы жакшы болот тура” - дейт, ишкер айым.

1

2

3

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад областы