110.11.2017  15:11

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында уюшулган Жалал-Абад шаарындагы №7-Алым Усман атындагы орто мектептеги “Лидерлик” ийриминин мүчөлөрү Жалал-Абад шаарындагы “Ак Бермет” үй-бүлө тибиндеги Балдар үйүндө болушуп, достук жана ынтымак, биримдик, тынчтык багытында атайын маданий иш чара уюштуруп кайтышты.

Аталган Балдар үйүндө 12 бала тарбияланып жатат. Алар шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан көчөдө, кароосуз калган жеринен топтолуп келген балдар. Ар биринин тагдыр жолуна назар салсаң, биринин ата-энеси ажырашып кетип, туугандарынын колунда калып, алар жакшы көңүл бурбай, анын кесепетинен көчөгө качып кеткендер, дагы бири томолок жетим, экинчиси ата-энеси алыста иштеп жүргөндөр. Айтор, тагдырдын оор сыноосуна калгандар. Аларды бул жайга алып келип, тоюндуруп, ичиндирип, анан билим алуусуна шарт жаратып жаткан шаардык билим берүү башкармалыгы. Бул Балдар үйү 1997-жылы шаардык мэриянын колдоосу менен ачылып, мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Атайын төрт бөлмөлүү жер үй сатылып алынган, ичинде бардык шарты бар. Балдар жылуу жана таза бөлмөдө жатышат, кийген кийимдери таза. Сабак окууларына жетиштүү шарт бар, шаардагы №1, №5-, №4-орто мектептерге барып окушат. “Лидерлик” ийриминин мүчөлөрү мындагы балдар үчүн майда-барат оюнчуктарды, китеп-дептерлерди ала келишкен жана атайын концерттик программа да тартуулашты. Ийрим мүчөсү Зилола Рахманова “балдар арасындагы достук менен ынтымакты чыңдоо, мындагы балдарга жагымдуу маанай тартуулоо максатында келип, ал максатыбызга жеттик. Балдар менен ойнодук, биргеликте ырдап, бийледик. Бул жердеги балдар да өнөрлүү экен. Алар мындан аркы байланышыбыз үзүлбөсүн деген тилектерин айтышты” - дейт. Ал эми ийрим жетекчиси Жанара Рыскулованын билдиргенине караганда “мындай достук жүрүштөрдү буга чейин да жасап келишкен. “Ак Бермет” үй-бүлө тибиндеги Балдар үйүнө келгендеги өзгөчөлүк мындагы балдардын дээрлик көпчүлүгүнүн ата-энеси бар, бирок, балдарын кароосуз калтырышкан. Алар ата-эне мээриминен алыс дегенибиз менен мындагы тарбиячылар өз балдарындай багып, тарбиялап, мээримдүү мамиле жасашат. Кадимки өз үйүндөгүдөй, а түгүл андан да артык камкордукка алынышкан. Ойлорун ачык ортого салышып, ийримдин мүчөлөрү менен тез эле ымалаша кетишти. Биргеликте жолугушууну эң кызыктуу жана эсте калаарлык денгээлде өткөрдүк. Мындан ары да тез-тез кездешип турууну убада кылып таркадык” - дейт ал.

2

3

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу