126.04.2018  11:55

Базар-Коргон районундагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебиниин 1-“А” классынын окуучулары үчүн “Кош бол, “Алиппе” аталышындагы жагымдуу кече өткөрүлдү.

Аталган класстын мугалими Клара Эргешова “Феномен” ӨЖТсынын активдүү мүчөсү. Топто 12 кыз-келин бар. Алардын дээрлик көпчүлүгү мугалимдер. Андыктан ал топ тарабынан элет жергесинде демилгелүү көп жакшы иштер аткарылып жаткандыгын,жакында алар “Биримдик” тобуна киргени жатышкандыгын “Эрайым” АКБсынын ӨЖТ тирекчиси Кишимжан Боронбаева белгилейт. “Феноменчилер” бул салтанатка да активдүү катышып,аны өткөрүүгө демөөрчүлүк да көрсөтүшкөн. Анан дагы бир белгилей кетүүчү жагдай ушул топтун балдары, айрымдарынын неберелери да ушул класста окушат.

- Менин классымда 28 бала бар. Мен кесибимди абдан сүйөмүн. Балдар менен иштөө мен үчүн кызыктуу. Айрыкча биринчи класска кадам таштап, тамга эмне экендигин билбеген баланы сегиз ай окуткандан кийин,минтип окуганды,жазганды үйрөнүп, анан шартылдата ырларды айтып турганы мен үчүн кубанычтуу жана жасаган мээнетимдин үзүрү деп ойлоймун - дейт Клара Эргешова.- Биз “Эрайым” АКБсы тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорго да салым кошуу максатында “Феномен” ӨЖТсын түзгөнбүз. Жумуштан сырткаркы убактыбызда топтун мүчөлөрү жыйналып, ар кимибиз айыл үчүн, мектеп үчүн кандай пайдалуу иш жасасак деген сунуштарыбызды айтып, алдыга максаттарды коебуз. Анан аны аткаруунун аракетин көрөбүз. Маданий-массалык иштерди өткөрөбүз. Өз жардам тобу пайдалуу экен,ага кошулгандан бери мен өзүм да көп нерсени үйрөндүм. Жалаң эле иш менен жүрө бербестен, башка да пайдалуу нерсе жасаганга убакыт бөлүштүрүү керектигин билдим. Элге аралашып,эл менен болгон жакшы да –деп кошумчалады ал. Белгилей кетсек аталган мектепте эки ӨЖТ бар. Алар бири-бири менен тажрыйба алмашып, бири-бирине жардам де берип турушарын жана мындай топко кошулган мугалимдердин активдүүлүктөрү жогору экендигин мектеп жетекчилиги белгилейт.

2

3

4

5

6

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, Жалал-Абад облусу