«Эрайым» уюмунун көчмө жыйыны
26.04.2018 19:53
“Эрайым” АКБсынын жетекчиси Рахила Жусупова жана ушул уюм тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун координатору Гулнара Нурматова, долбоордун ӨЖТ боюнча эксперти Абдылас Кошумбаев, кызматкери Маматказы Капаровдордун катышуусунда Ош жана Жалал-Абад облустарындагы долбоор активисттери менен көчмө жыйын өткөрүлдү.
Анда алты орчунду маселе каралды. Эки облустагы ӨЖТнан “Биримдик” түзүү аракеттери жана алардын иш-кагаздары боюнча кеңири сөз болду. Долбоордун координатору жана адистери белгилегендей эки облустан ар бир алты ӨЖТ биригип бирден Биримдик тобуна баруусу абзел. Бул үчүн адегенде ар бир ӨЖТда түшүндүрүү иштери жүрүп, анан алардын макулдугу менен алты ӨЖТнан бирден Биримдик уюму түзүлөт. Иш-кагаздары такталат. Жыйындар өтөт, маселелер ортого коюлуп талкууланып, бир чечимге келген соң гана Биримдик тобу түзүлөт. Сактоолук маселелери турукташтырылат. Долбоордун ар бир кызматкери бул иш чарага активдүү катышуу менен ӨЖТнун концепцияcын, алдыга койгон максаттарын терең түшүнүүсү абзелдиги айтылды. Мына ушул жагдайдан алганда эки облуста тең аракеттер “канааттандырарлык” деп, табылды. Антсе да айрым майда-барат техникалык каталыктарды бир жуманын аралыгында оңдоо жагы сунушталды. Ички бейлөөгө карата топторду даярдоо жана сырткы баалоо, бейлөөгө даярдыктарды көрүү багыттары айтылды. Эң башкысы долбоордун өзөгүн ӨЖТу түзөөрү баса белгиленип, долбоордун ар бир кызматкери калктын жашоо маданиятын көтөрүү, активдүүлүктөрүн арттыруу, элдин демилгесин колдоо жана төрт багытта иш алып барып жаткан ӨЖТна ар тараптан колдоо көрсөтүү зарылдыгы жана ынтымак, биримдик менен иштөө жагдайында кеңири сөз жүрдү. Жыйында каралган маселелер боюнча Токтом кабыл алынды.
Бактыкан Ажымаматова
долбоордун Жалал-Абад облусу боюнча медиа адиси