“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан эне мектептерге берилген жардам
16.11.2018 18:44
“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасындагы “Энелер мектеби” социалдык долбоорун ийгиликтүү жүзөгө ашыруу максатында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси менен кызматташуунун алкагында 150000 (жүз элүү миң) сом өлчөмүндөгү грантты жардам иретинде берди.
Грант “Эрайым” уюму тарабынан тең өлчөмдө Жалал-Абад дубанынын Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылындагы “Акылдуу наристе” эне мектебине суу чыгаруу жана ажааткана куруу үчүн 74816,40 (жетишим төрт миң сегиз жүз он алты) сом 40 тыйын, ал эми “Даткайым илим эне мектебинин” архитектуралык документтерин бүткөрүү үчүн 74816,40 (жетишим төрт миң сегиз жүз он алты) сом 40 тыйын бөлүнүп берилди. “Даткайым илим эне мектебинин” архитектуралык документтери бүткөн соң, Мады айыл өкмөтү өз карамагына алып, кызматкерлерине айлык маянасын, балдардын тамак-ашынын жарымын төлөй баштады.
“Эрайым” уюму, эне мектептеринин жетекчилери, ата-энелер жана балдар “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондуна “Энелер мектеби” социалдык маанилүү долбоордун алкагында көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылыгын билдирет.
Эрайым-Пресс