Кут толгон Нооруз – достуктун майрамы
28.03.2019 11:09
Үстүбүздөгү жылдын 21-мартында Кызыл-Кыштак, Шарк айыл аймактарында “Эрайым” уюмунун “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму колдоого алган «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө» долбоорунун алкагында уюшулган ӨЖТ Биримдиктери жана ӨЖТ, БӨЖТ топтун жигердүү мүчөлөрү тарабынан “Кут толгон Нооруз – достуктун майрамы” иш чарасы уюштурулуп, Ишкаван, Шарк айылдарында салтанаттуу түрдө белгиленди.
Ага көп улуттар жашаган Кызыл-Кыштак, Шарк айыл аймактарындагы айыл тургундары катышып анда келген коноктордон Шарк айыл аймагындагы жергиликтүү депутаттардан Абдусалом Юсупов, Сайдулла Аблазов жана айыл аксакалдары достукту даңазалаган майрамда куттукттоо сөз сүйлөштү.
“Нооруз” дайыма жаздын, эмгектин, биримдиктин, тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары майрамдалып келет. Куттуу майрамда элибиз бири бирине аяр, боорукердик менен мамиле жасап, аз камсыздууларга жардам берип, кутман карыялардын батасын алууга умтулушкан. Жалпы журтубуз Нооруз майрамын белгилеп жатып, сүмөлөк кайнатып, бири-бирине ак тилек, таза сезимдерин билдирет.
Салтанаттуу иш-чаранын алкагында Кара-Суу районундагы №16-Абу Али ибн Сино, №117-К.Маткеримов мектептеринде жана Энелер мектебинде “Нооруз – элдик нарктын, баалулуктардын кайра жаралуусунун негизи” аттуу театралдык оюн зоок жана чоң программадагы концерт болду. Анда, “Аталар мурасы”, “Энелер насааты”, “Жыл тогошуу”, “Нооруз” жөрөлгөлөрү”, “Акыйнек” жана ыр-бийлер келген конокторго тартууланды. “Нооруз” майрамынын атрибуттары болгон аластоо, бата берүү салттары менен бирге, жалпы майрамдын катышуучуларына сүмөлөк таратылып, ошол күнү элдердин ынтымак, достук, биримдиги жана тынч жашоосу даңазаланды.
Эрлан Даватов, Ош облусу