Ош шаардык сотунун мекемесинде медиациялык бөлмө ачылды
12.12.2020 10:40
Учурдун талабына жараша өлкөдө медиация борборлоруна кайрылгандардын саны көп, анткени көпчүлүк жарандар өзүнүн чечилбей келген көйгөйлөрүн чыр-чатаксыз чечүүнү каалашат. Медиация – талаш-тартышты үчүнчү калыс бейтарап жактын-медиатордун кийгилишүүсү менен сотко жеткирбей чечилүүсүнүн эң жумшак формасы болуп эсептелет.
Эне мектептер арасындагы “Күз кереметтери” сынагы
16.11.2020 14:21
Балдарыбыздын, элдин жана өлкөнүн келечеги тарбиячылардын колунда. Биздин өсүп келе жаткан келечек муунду, жеткинчек балдарды тарбиялоодо ар бир тарбиячы өзүнүн билимин жана тажрыйларын колдонушат.
Үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү ынтымак жолу менен чечүү
14.11.2020 22:51
Жергиликтүү медиаторлордун “Үй-бөлөлүк медиация” боюнча кесипкөйлүгүн жогорулаттуу максатында уюштурулган окуу курсу 2020-жылдын 7-8-9-ноябрь күндөрү Ош облусунун Кара-Суу районунда болуп өттү.
"Кеңеште" чоң иштер жасалат
14.11.2020 19:40
Кеңеш айыл аймагы Базар-Коргон районундагы ири аймактардын катарында турат. Калкынын саны боюнча,ошондой эле көп улуттун өкүлдөрү жашаган элдүү айыл. Тилекке каршы, заман талабына жараша сырттан инвестиция тартуу, долбоор аркылуу жергиликтүү көйгөйлөрдүү чечүү жагдайында соолгун аракеттер жүрүп келет.
Өз жардам топторунун катары өсүүдө
14.11.2020 18:41
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси Германия өлкөсүнүн “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун колдоосунун аркасында ишке ашырып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун бир миссиясы өз жардам топторун жандандыруу.
Өкмөт башчы Садыр Жапаров Ош шаарынын эли менен жолугушту
14.11.2020 15:51
Үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрында Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо эл менен жолугушту. Бул жолугушууга 10 миңден ашуун жергиликтүү эл чогулду.
Күнөсканадан пайда тапкан айымдар
11.09.2020 08.46
Базар-Коргон районундагы Бешик-Жон айылында Нагима атындагы мектепке чейинки мекеме бар. Айыл жергесинде азыркы талапка жооп берген, стандарттуу жайда балдарга тарбия берген айымдар “бир гана иштин артынан түшпөй, өзүбүзчө киреше табуунун жолун издейли” деген максат коюшту. Мындай ой-тилектин демилгечиси бул жайдын усулчусу, өмүрүн жалаң балдар үчүн арнап койгон, тажрыйбалуу мугалим Меңдайым Арзиева болду.
“Эне мектептери” аралыктан ишти улантып жатышат
27.10.2020 21:21
Азыркы пандемиялык кырдаалга байланыштуу мектептер менен катар мектепке чейинки балдар мекемелери да ишин токтотуп, мүмкүнчүлүккө жараша онлайн форматында аралыктан иштеп жатышат. Мындай ыкманы “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Базар-Коргон районунда уюшулган Эне мектептери да колдонуп жатышат.
Кара-Суу районунда мугалимдер күнү белгиленди
16.10.2020 12:37
Ушул жылдын, 11-октябрь күнү Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймакатарында мугалимдер күнү белгиленди. Иш-чаранын башында “Эрайым” АКБнин Ош облусундагы БӨЖТ тирекчиси Кыял Мамажанова ардактуу мугалимдерди куттуктады.
Карыларга камкордук
15.10.2020 10:47
“Карысы бардын – ырысы бар” - дегендей, чон ата, чон апаларга урмат-сый көрсөтүү биздин милдетибиз. Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун колдоосунда ишке ашырылган “Эрайым” уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында 1-октябрь карылар күнүнө карата Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында «Керме Тоо» биримдиги жана “Өнүгүү”, “Даанакер” БӨЖТ мүчөлөрүнүн демилгеси менен кайрымдуулук өнөктүгү уюштурулду.