Gulsina Kozhoyarova a Trainer Mediator21.01.2020   16:58

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун үчүнчү фазасында коомчулуктагы кандай болбосун талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен эффективдүү чечүү максатында медиация ыкмасы жаңылык катары киргизилген.

Бул багытта долбоор боюнча Жалал-Абад облусунда уюшулган ӨЖТ Биримдиктеринин мүчөлөрүн окутуу башталып, 13-январдан 18 январга чейин созулду. Аны Республикалык Улуттук Медиация борборунун жетекчиси Кожоярова Гүлсина айым өткөрдү. Белгилей кетели долбоор боюнча Базар-Коргон районундагы Акман жана Базар-Коргон айыл аймактарында “Ак тилек”, “Акыйкат” жана “Ынтымак” ӨЖТ Биримдиктери уюшулган. Ар бир биримдиктен төрттөн мүчө, жалпы он эки адам бул окутууга катышып жатышат.

Окуунун жүрүшүндө медиация түшүнүгү, анын тарыхы жана ыкмалары, медиациянын осулдары жана жол-жоболору, ошондой эле медиатордун чыр-чатактык, коммуникативдик, эмоционалдык жана укуктук ишбилгиликтери жөнүндө терең маалымат берилип, катышуучулардын теориялык түрдө алынган билимдери практикалык түрдө атайын даярдалган кейстер менен бекитилди.

- ӨЖТ Биримдиктерин медиацияга окутуу, бул багытта билим берүү жана даярдоо боюнча долбоордун экинчи фазасы аяктап жаткан кезде сунуш болгон. Себеби, айыл жергесинде ар кандай көйгөйлүү көрүнүштөр, окуялар болуп турат. Айрыкча жер, суу талашуу, кошуналар ортосундагы пикир келишпестиктер, ал эмес үй-бүлөдөгү араздашуулар, жубайлардын урушуулары, алимент маселеси, айтор ушундай жагдайда урушкандарды жараштыруу, бир пикирге келтирүү керек экен. Илгери эл ичинде улуу муундар эле бардык маселени жөнгө салып коюшчу экен. Азыр заманга жараша андай болбой жатат. Ошондуктан биздин командадагылар эл ичинде дагы бир жагымдуу милдетти аткарышып, медиаторлук кылууну көздөшүүдө. Бул үчүн алар өздөрү билимдүү жана тажрыйбалуу болушу зарыл. Эми алты күндүк окутуудан кийин алар айыл жергесинде медиатор болуп иштешсе болот - дейт, долбоордун ӨЖТ боюнча тирекичиси Кишимжан Боронбаева.

Белгилей кетсек, сабак “Медиация. Базалык курс” аталышында теория менен практика айкалышуусунда кызыктуу өтүлүп жатканын катышуучулар баса белгилешти.

Иш-чаранын соңунда бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Presentation of Kishimzhan Boronbaeva

Participants of the training

Discussion in a small groups

Group Work

Gulnara Tashieva makes a presentation

Group Presentations

sertificate awards

sertificate awards2

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, Жалал-Абад облусу