Кызматташтыкта бирдиктүү иш алып баруу
17.03.2021 10:03
Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму колдоого алган “Эрайым” уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун үчүнчү фазасынын алкагында “Эрайым” АКБси өнөктөш катары Кара-Суу районундагы ички иштер бөлүмү жана Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы ЖӨИ кызматкерлери менен эки жылга жакын убакыттан бери чогуу кызматташып келүүдө.
Аталган кызматташтыктын алкагында 2020-жылы иш болжом түзүлүп анын негизинде Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагында ушул жылдын февраль айында райондук ички иштер кызматкерлери жана айыл аймактын соц адистери, жергиликтүү ыйгарымдуу орган өкүлдөрү, долбоордун укук кеңешчиси Дилшод Кадирходжаев, психологу Дилфуза Анарбаева, ЖӨИ кызматкери Бактинур Турдубаева ошондой эле мектеп соц педогогдорунун катышуусунда «Бирдиктүү алдын-алуу» күнү белгиленди.
Иш-чаранын максаты ар бир соц педогог менен экиден ЖӨИ кызматкерлери биригип аймактагы аярлуу катмардагы үй-бүлөлөрдөн жана мектеп окуучуларынан кабар алып, алардын турмуш шарты менен таанышып, аймактагы жарандардын агрессивдүү жүрүм турумдарынын себептерин, көйгөйлөрүн аныктап аларды жоюу боюнча биргелешкен иш аракеттер жүргүзүлдү.
Февраль айынан баштап Шарк айыл аймагында аталган рейд жүргүзүүчүлөрү муктаждыгы бар 50 үй-бүлөгө барып алардын көйгөйлөрүн угуп, мүмкүнчүлүгү чектелеген 4 жарандан кабар алышты. Алынган маалыматтар боюнча үй-бүлөлөрдөгү бир топ көйгөйлөрдү чечүү үчүн соц педогогдор керектүү болгон мед ициналык мекемелерге, социалдык колдоо көрсөтүү борборуна, укук кеңешчи жана психологдорго кайрылуу жасап, анын тезинен чечип берүү аракеттери каралууда дейт – “Эрайым” уюмунун Ош облусундагы психологу Дилфуза Анарбаева.
Эрлан Давлатов, Ош облусу