119.04.2022   15:23

Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда уюшулган ӨЖТ биримдиктеринин активисттери үчүн төрт күндүк тренинг уюшулду.

Анын башкы темалары «Биргелешип башкаруу», «Натыйжалуу жана жооптуу эдвокаси», «Ишмердүүлүктү бейлөө жана баалоо системасын жүргүзүү» деп аталып, “Эрайым” уюму менен кызматташ болуп келген Жалал-Абад айылдык консультациялык кызматтын өкүлү Каныкей Мырзаева тренингди жүргүздү.

Анын белгилөөсүндө бул тренингдин максаты “биргелешип башкаруунун жолдору жана субъектилери жөнүндө, башкарууда лидерлик сапаттардын өзгөчөлүктөрү, коомчулуктагы биргелешип башкаруунун ийгиликтери, максаттарды кое билүү, пландоо жана максаттарга жетүүдө биргелешип башкаруунун натыйжаларын окуп үйрөнүү. Катышуучулар дээрлик актьивдүүлүктөрүн көрсөтүшүп, өздөрүнүн билим базаларын чыңдай алышты. Жергиликтүү деңгээлде башкарууга кантип катышуу боюнча мисалдар аркылуу талкуулашты, эмне учун башкарууга бардык кызыктар тараптар катышуусу зарыл экендигин түшүнүү менен биргелешип башкаруу аркылуу максаттарга жетүү натыйжалуу болоорун билишти. Көйгөйлөрдүн мисалында эдвокаси кампаниясын жүргүзүүнүн жолдорун аныктап чыгышты. «Мектепке жол алыс болуп, балдар окубай калып жатат, айылда мектеп жок», «Акман айыл аймагында балдарына жөлөк пул албай жаткан үй-бүлөлөр болууда» деген маселе коюлду. Тренинг өз максаттарына жете алды. Катышуучулар арасында темалар боюнча маалыматы барлар да кездешти. Катышуучулардын өз ишмердуулукторундо туш келүүчү маселелерди алып чыгууга жана топтун кызыкчылыктарын багыттоодо көрсөтмө катары колдонууга мүмкүн болгон маалыматтарды алууга ынгайлуу уюштурулду деп ойлойм” - дейт, тренер Каныкей айым.

2

3

4

5

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу