Жакшы жашоонун баркы - аракетте
06.01.2018 09:00
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин төрайымы Рахила Жусупова менен маек:
- Рахила айым, эски жылды узатып жатканда, артка кылчая карап, “бул жыл кандай өттү, эмне жумуштар жасалды, эмнеге жеттик жана дагы эмнелерди жасай албадык? - деген өңүттөгү собол ар бирибиздин оюбузда турат. Андыктан ушул суроону Сизге узаткым келип жатат.
- Эң алды менен биздин максаттуу топторубузду, өнөктөштөрүбүздү жана “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин жамаатын кирип келе жаткан 2018-жыл жаңы жыл майрамы менен чын ыкласымдан куттуктаймын. Ар бирине бекем ден-соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк ынтымак, бакубатчылык каалаймын. Жергебизде тынчтык, элибизде бекем достук жана биримдик болсун!
Эне мектептердеги жаңы-жылдык майрам
04.12.2017 17:15
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында Ош дубанынын Кара-Суу районуна караштуу Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында бүгүнкү күндө “Эрайым”АКБсы тарабынан ачылып иштеп жаткан Эне мектептерде жаңы-жылдык майрам уюштурулду.
Мектептерде Ч.Айтматовдун туулган күнүнө арналган иш-чаралар жыйынтыкталды
24.12.2017 15:30
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы №116-Абу Али ибн Сино, № 86-Курманжан Датка, №117-К.Маткеримов атындагы орто мектептеринде залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган “Аалам алпы – Айтматов” аталышындагы иш-чаралар топтому өттү.
Эң мыкты ӨЖТ, БӨЖТ сынагы жыйынтыкталды
24.12.2017 16:17
Үстүбүздөгү жылдын 16-декабрында Ош дубанынын Кара-Суу районундагы Мады, Кызыл-Кыштак, Шарк айыл аймактарында “Эрайым”АКБсы тарабынан уюшулган чоңдордон жана балдардан түзүлгөн ӨЖТ мүчөлөр ошондой эле англис тил, орус тил, лидерлер, форум-театр, этноансамбль ийримдеринин демилгеси менен Мады айыл аймагындагы № 86-Курманжан Датка атындагы мектебинде “Эң мыкты ӨЖТ, БӨЖТ” сынагы болуп өттү. Аталган иш-чарага айылдын жашоочулары, мугалимдер, ийримге катышкан балдардын ата-энелери, ӨЖТ, БӨЖТ мүчөлөрү катышты.
Акысыз укуктук кеңеш алган жарандар ыраазы
24.12.2017 13:51
“Эрайым” Аялдар Коомдук Бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун Ош дубаны боюнча укуктук кеңешчиси Дилшод Кадирходжаевден долбоор аймагындагы жашоочулар бир топ акысыз укуктук жардамдарды алышты.