124.12.2017  16:17

Үстүбүздөгү жылдын 16-декабрында Ош дубанынын Кара-Суу районундагы Мады, Кызыл-Кыштак, Шарк айыл аймактарында “Эрайым”АКБсы тарабынан уюшулган чоңдордон жана балдардан түзүлгөн ӨЖТ мүчөлөр ошондой эле англис тил, орус тил, лидерлер, форум-театр, этноансамбль ийримдеринин демилгеси менен Мады айыл аймагындагы № 86-Курманжан Датка атындагы мектебинде “Эң мыкты ӨЖТ, БӨЖТ” сынагы болуп өттү. Аталган иш-чарага айылдын жашоочулары, мугалимдер, ийримге катышкан балдардын ата-энелери, ӨЖТ, БӨЖТ мүчөлөрү катышты.

Бул сынактын негизги максаты ӨЖТ, БӨЖТ мүчөлөрү жана 5 ийримдин катышуучулары жыл ичинде алган билимдерин, жетишкен ийгиликтерин келген конокторго көрсөтүү. Иш-чарага катышуучуларга ӨЖТ жана БӨЖТнун мүчөлөрү, беш ийримдин 56 активисти тарабынан даярдалган 2 сааттык концерттик программа тартууланды. Концерттик программанын негизин улуттар аралык ынтымак, достук, биримдикти чагылдырган ыр-бийлер, сахналык көрүнүштөр жана “Манас” эпосунан үзүндү түзөт. Мындан сырткары 3 аймактан келген 9 ӨЖТнун мүчөлөрү 4 багыт боюнча 1 жылдык ишмердүүлүгүн слайд-шоу аркылуу көрсөтүп, айтып беришти. Эң кызыгы ӨЖТ, БӨЖТга тиешелүү болгон суроолорго ӨЖТ, БӨЖТ мүчөлөрү туура жооп беришип, белектерге да ээ болушту. Сынактын алып баруучулук милдетин лидер ийриминин катышуучулары өз мойундарына алышты.

Сынактын аягында иш-чарага активдүү катышкан мүчөлөргө, жыл ичинде ийримдерге эң мыкты катышкан ийримдин катышуучуларына, ӨЖТ Биримдигин түзүүдө жигердүү катышып жүргөн ӨЖТ мүчөлөрүнө “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ыраазычылык баракчалары салтанаттуу түрдө тапшырылды. Келген коноктор дагы иш-чарага болгон ой-пикирлери менен бөлүшүп, өз каалоолорун айтышты. Жыл соңунда уюштурулган мындай иш-чара мындан ары да жыл сайын өткөрүлө тургандыгы тууралуу Ош дубанындагы долбоор тирекчиси Икрам Исраилов өз сөзүндө белгиледи.  

2

3

4

6

7

8

12

9

9 1

11

13

Эрлан Давлатов, долбоордун Ош дубаны боюнча PR адиси