logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Жаңылыктар

“Лидерлик” ийриминин катышуучулары жана “Достук” мектеп радиосунун жаш журналистери “ОшТВ” телерадио компаниясына барып таанышып келишти

116.10.2017  17:20

“Эрайым” Аялдар Коомдук Бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун негизинде Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы №16-Абу Али ибн Сина, №86- Курманжан Датка, №117-К. Маткеримов атындагы мектептеринде “Эрайым” АКБсы тарабынан уюшулган “Лидерлик” ийрими жана “Достук” мектеп кичи радиосунун жаш журналисттери жана катышуучулары 2017-жылдын 2-октябрь күнү “ОшТВ” телерадио компаниясына барып, аталган телеканалдын кызматкерлери менен жолугушту.

Толугураак...

«Достук» мектеп кичи радиосунун БӨЖТ мүчөлөрүнө жана мектеп окуучуларына тийгизген таасири

116.10.2017  16:30

“Эрайым” Аялдар Коомдук Бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун негизинде Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы №16-Абу Али ибн Сина, №117-К. Маткеримов атындагы мектептеринде ачылып иштеп жаткан «Достук» мектеп кичи радиосу жана жамааттык мультимедиа борбору ачылгандан тартып көптөгөн кичинекей окуучулар жана БӨЖТ мүчөлөрү журналистика тармагына кызыгуусу артты.

Толугураак...

БӨЖТлардын “Тынчтык акциясы”

104.10.2017   19:42

Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун колдоосунда “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Базар-Коргон районундагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте уюшулган Балдардын өз жардам топтору “Тынчтык акциясын” уюштурушту.

Толугураак...

“Эрайым” уюму менен ASA программасынын биргеликте аткарган долбоор өз максатына жетти

105.10.2017  14:54

«Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси менен Германиянын ASA1 программасынын кызматташуусунун алкагында ишке ашырылып жаткан “Айыл жергелерин жана туруктуу туризмди өнүктүрүүдө элдерди жигердентүү” долбоорунун негизинде ecovillage.kg сайты ишке киргизилди.

Толугураак...

“Мугалим - өнөр башаты” достук иш-чарасы

104.10.2017  19:32

“2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата Ош облусунун маданиятын көтөрүү, тарыхын жандандыруу, айыл аймактарда жашап, окуп жана эмгектенип жаткан мугалимдердин арасындагы өнөрпоздорду, уз-чеберлерди, обончуларды, аткаруучуларды колдоо жана алардын чыгармачылыгын байытуу, таланттуу, чыгармачыл мугалимдердин кадыр-баркын жогорулатуу багытында Ош билим берүү институту “Мугалим – өнөр башаты” достук иш-чарасын Ош шаарында уюштурушту.

Толугураак...

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru