Эне мектептердеги жаңы-жылдык майрам
04.12.2017 17:15
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында Ош дубанынын Кара-Суу районуна караштуу Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында бүгүнкү күндө “Эрайым”АКБсы тарабынан ачылып иштеп жаткан Эне мектептерде жаңы-жылдык майрам уюштурулду.
Бул иш-чаранын максаты эне мектептерде тарбияланып жаткан бөбөктөргө майрамдык маанай тартуулап, көңүлдөрүн көтөрүү болду. Бул жаңы жылдык майрамда өз жардам топторунун мүчөлөрү аяз-ата, аяз кыздын кийимдерин кийишип, өз демилгелери көтөрүп топтогон акча каражаттарына таттуу шириндиктерди жана белектерди алып келишип балдарга тартуулашты.
Кичинекей балдар аталган иш чарада ынтымак, достук, биримдикти чагылдырган ыр-бийлерди келген конокторго жана ата-энелерге тартуулап, аларды кубантышты.
Эрлан Давлатов, долбоордун Ош дубаны боюнча PR адиси