Жакшы жашоонун баркы - аракетте
06.01.2018 09:00
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин төрайымы Рахила Жусупова менен маек:
- Рахила айым, эски жылды узатып жатканда, артка кылчая карап, “бул жыл кандай өттү, эмне жумуштар жасалды, эмнеге жеттик жана дагы эмнелерди жасай албадык? - деген өңүттөгү собол ар бирибиздин оюбузда турат. Андыктан ушул суроону Сизге узаткым келип жатат.
- Эң алды менен биздин максаттуу топторубузду, өнөктөштөрүбүздү жана “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин жамаатын кирип келе жаткан 2018-жыл жаңы жыл майрамы менен чын ыкласымдан куттуктаймын. Ар бирине бекем ден-соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк ынтымак, бакубатчылык каалаймын. Жергебизде тынчтык, элибизде бекем достук жана биримдик болсун!
Албетте, ар бир жылдын өзгөчөлүгү болот. Ушул жылдагы маанилүү окуялар кантип эстен чыксын. Биздин уюм саясаттан алыс. Карапайым эл менен иш алып барып, алардын жашоодогу активдүүлүгүн өз жардам топтору аркылуу көтөрүп, өз көйгөйлөрүн өз колдору менен чечүүгө багыт көрсөтүү максатын көздөйбүз. Узап бара жаткан жыл да биздин уюм үчүн йгиликтүү боло алды десем аша кетпейм. Себеби Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында, Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында, Талас районунун Бакай-Ата айылында, Жумгал районунун Көк-Ой, Чаек айылдарында, Чүй районунун Ленин жол айылында өз жардам топторунун Биримдиктери түзүлүп, өз иштерин башташты. Биримдиктердин түзүлүшү уюмдун чоң ийгилиги болду. Эми Биримдиктер өз ишмердүүлүктөрү аркылуу өз айылдарындагы социалдык-экономикалык, маданий, экологиялык маселелердин чечилишине өз салымдарын кошо алат деген ниеттебиз.
- Эми Сиз башында турган уюм тартып келген долбоор тууралуу кеп салсаңыз?
- Биздин уюм ишмердүүлүгүн баштагандан бери 50дөн ашык долбоорлорду тартып келген. Бул долбоорлор аркылуу “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардын ичинен Ак-Өргө, Эне-Сай, Учкун жана Ош дубанындагы Кара-Суу, Жалал-Абад дубанындагы Базар-Коргон, Ысык-Көл, Талас, Чүй, Жумгал, Ат-Башы, Кочкор, Нарын райондорундагы тандалып алынган аймактардагы жергиликтүү жашоочулардан өз жардам топторун уюштуруп, өз көйгөйлөрүн өз колдору менен чечүүгө багыттадык. Бүгүнкү күндө көптөгөн биздин максаттуу топтордун ичинен өз ишмердүүлүктөрүн ачып, үй-бүлөлүк экономикалык деңгээлдерин көтөргөндөрдүн саны арбын. Мындан сырткары өз айылдарындагы социалдык маселелердин чечилишине өз салымдарын кошуп, элдин алкышына ээ болушууда.
- Азыркы иштеп жаткан долбоор мурунку долбоордун уландысыбы?
- Ооба. Азыркы долбоор да Германия мамлекетинин “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган. Атын деле “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” деп калтырдык. Долбоордун биринчи баскычы 2014-2016-жылдык мөөнөттү камтыган. Экинчи баскычы 2017-2019-жж камтыйт. Бул аралыкта Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Мады жана Кызыл-Кыштак айыл аймактарында жана бул аймактардагы №86- Курманжан датка, № 117-К.Маткеримов жана №16-Абу Али ибн Сино атындагы орто мектептерде, Жалал-Абад шаарындагы Чынгыз Айтматов атындагы жергиликтүү аймактык башкармалыгында жана ушул эле башкармалыкка кирген №7-Алым Усман атындагы орто мектепте, Базар-Коргон районундагы Акман жана Базар-Коргон айыл аймактарында жана ушул аймактардын карамагында турган №5-Токтогул Сатылганов атындагы гимназия мектебинде, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектебинде жана № 35-Ысак уулу Тешебай атындагы орто мектептерде иш алып бардык. Экинчи баскычтагы долбоордун негизги максаты- Мады, Шарк, Кызыл -Кыштак, Базар-Коргон, Акман айыл аймактарында ар улуттан түзүлгөн чоңдордун 36 ӨЖТун камтыган 6 ӨЖТнун биримдиктери тынчтык инфраструктурасын кызыкдар тараптар менен биргелешип куруу. Биринчи баскычтагы долбоордун негизинде 80 чоңдордун, 60 балдардын ӨЖТ, 40 эне мектеби түзүлгөн. Ошондой эле англис тили, орус тили, китеп сүйүүчүлөр, шахмат, комуз, бий, кол өнөрчүлүк, компьютер ийримдер уюшулган. Максаттуу топторго укуктук, психологиялык жардамдар берилген. Экинчи баскычтагы долбоордо чоңдордун жана балдардын ӨЖТнун дараметин көтөрүү. Ошондой эле чоңдордун өз жардам топторунан 36ны тандап алып, алардан 6 ӨЖТнун Биримдигин түзүү пландалган. Мындан сырткары долбоордун аймагындагы максаттуу топторго укуктук, психологиялык жардамдарды көрсөтүү менен бирге алардын социалдык-экономикалык жактан деңгээлинин көтөрүлүшүнө таасир берүү. Балдарга болсо англис тил, орус тил, этноансамбль, лидерлик, театр форуму ийримдерин ачып, алардын руханий дүйнөсүн байтып, жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү пландалган.
Экинчи баскычтагы долбоордун негизинде төмөндөгү иштер аткарылды. 40 эне мектебинин сапатын жогорулатуу максатында эксперт-машыкчы Д.Майгулакова эне мектептеринин кызматкерлери үчүн 72 сааттык окуу өттү. Жергиликтүү машыкчыларды даярдоодо пландалган 11 “Машыкчы үчүн көнүгүм” көнүгүмдөрү өтүлүп бүттү. Тандалып алынган 4 машыкчы максаттуу топторго “Өкмөттүк эмес уюм жана чөйрө”, “Шыкактоо жана талам талашуу”, “Команда түзүү”, “Социалдык өнөктөштүк” көнүгүмдөрүн-169 жолу Ош дубанындагы, ушул эле темадагы көнүгүмдөрдү-94 жолу Жалал-Абад дубанындагы долбоорго кирген аймактардагы ӨЖТнун мүчөлөрүнө өтүштү. Укуктук жактан 86 адам жардам алды. 80 ӨЖТнан тандалып алынган 36 ӨЖТун эксперттердин жардамы менен жергиликтүү ӨЖТнун тирекчилери деңгээлдөөдөн өткөрүшүп 6 Биримдикти уюштурганга даярдашты. Долбоордун психологиялык компоненти аркылуу турмуш шарты оор, аз камсыз болгон жана ата-энеси миграцияда жүргөн 33 үй-бүлөнүн мүчөлөрүнө психологиялык жардам көрсөтүлдү. Жалпысынан 51 чоңдор (10 эркек, 41 аял) жана 66 жаш өспүрүм (37 уул, 29 кыз бала) психологиялык жардам алышты жана психологиялык реабилитациядан өтүштү. Бул көрсөткүчтөрдөн аялдар менен жаш өспүрүмдөрдүн психологиялык жардамга көбүрөөк муктаж экени көрүнүп турат. Ангемелешүүнүн негизинде үй-бүлөдө мүмкүнчүлүгү чектелген балдар да башка балдар сыяктуу мектепке, ийримдерге баргысы келгенин билдирди. Мына ушулардын негизинде инклюзивдик окуудагы 5 балага сабактын толук өтүлүшү психолог тарабынан уюштурулуп 3 бала долбоор алкагындагы ийримдерге тартылды.
Психологдор 4 аялдын жумушка орношуусуна, 5 жарандын медициналык (невропатологдун), 9 жарандын укуктук жардам алуусуна жана 38 баланын ден соолугун Жалал-Абад шаарындагы «Бакыт» балдар санаториясында чыңоосуна көмөк көрсөтүштү. Ошондой эле долбоор алкагындагы мектептердеги окуучуларга азыркы мезгилде балдардын калыптануусуна терс таасирин тийгизген интернеттеги вербалдык оюндардын зыяндуулугун түшүндүрүү бойунча мектептин тарбия завучтары жана социалдык педагогдор менен бирдикте иш чараларды өткөрүштү. Балдарга болсо англис тил, орус тил, этноансамбль, лидерлик, театр форуму ийримдери ачылып, ийгиликтүү иштеп жатат. Мында эки облустагы алты мектепте иштеп жаткан беш ийримге жалпы беш жүздөн ашуун бала тартылды жана алар бул ийримдер аркылуу өнөр үйрөнүп, өздөрүнүн келечеги үчүн жакшы багтыттарды алып жатышат. Долбоордун ишинин жүрүшү боюнча ар бир 2-3 айда бейлөө жүргүзүлүп турду. Бейлөөдөн соң долбоордун жумушчу тобуна сунуштар айтылып турду. Жалпысынан долбоордун экинчи этабындагы аткарылган иштер тууралуу жыл башынан бери 154 жолу массалык маалымат каражаттарында чагылдырылды. ӨЖТ жана БӨЖТнун шыкактоо жана талам талашуу багытында жасаган иш-аракети бойунча 53, тирилик багытында - 23, маданият багытында- 34, кайрымдуулук иш-чаралары бойунча 6, экологиялык багытында 8, кызыкдар тараптар менен болгон иштери -9, долбоорду бейлөө жана баалоо бойунча-6 материалдар жарык көрдү.
- Жаңы жылда дагы кандай максаттар алдыда турат?
Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында, Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында, Талас районунун Бакай-Ата айылында, Жумгал районунун Көк-Ой, Чаек айылдарында,Чүй районунун Ленин жол айылында өз жардам топторунун Биримдиктеринин дараметтерин көтөрүү максатында долбоорлорду тартып келүүнү пландадык. Мындан сырткары экинчи баскычтагы “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун 2018-жылга пландалган иш-аракеттерин ийгиликтүү иш жүзүнө ашырууну көздөп жатабыз. Ошондой эле уюмубуздун 5 жылдык мерчемин (стратегиялык) иштеп чыгууну пландоодобуз. Германиялык АСА программасынан, Англиядан ыктыярчыларды чакырууну пландадык.
- Маегиңизге ырахмат, ийгиликти биргеликте жараталы.
Маек курган Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, “Эрайым пресс”