logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Жаңылыктар

Атбашылык англис тилчи мугалимдерге 10 күндүк курс

English teacher1-8530.07.2014

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси 2000-жылдан бери өздөрүнүн максаттуу топторунун жана аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарынын англис тилин өздөштүрүүсүнө терең көңүл буруп келишүүдө. Эң алгачкы жылдары жай мезгилинде жергиликтүү англис тилчи мугалимдер аркылуу балдарга англис тилин үйрөтүшсө, бара-бара англичандардын өздөрүнө байланышка чыгууга жетишишти.

Толугураак...

Улуу Британиялык ыктыярчылар Кыргызстанда жайкы мектептерди өткөрүшөт

16.07.2014 12:05

Кыргызстандын айыл жергелериндеги жана Бишкек шаарынын жаңы конуштарындагы «Эрайым» аялдар коомдук бирикмесинин керектөөчүлөрүнүн балдарына англис тили боюнча жайкы мектептерди өткөрүү үчүн, ошондой эле айылдык мектептердин англис тил мугалимдерине англис тилин окутуунун ыкмаларын жакшыртуу курстарын уюштуруу максатында Улуу Британиядан чет элдик ыктыярчылар дагы бир жолу келишти.

Толугураак...

Германиялык "Дүйнөгө нан" эл аралык уюмунун өкүлдөрү ОШ, Жалал-Абадда

09.05.2014

2014-жылдын 4-6-майларында "Эрайым"Аялдар Коомдук Бирикмесинин Германиялык Brot fur die Welt (Дүйнөгө нан) эл аралык уюму колдоого алган "Салттык жана заманбап усулдарды колдонуу аркылуу түштүк жергесинде достукту жана биримдикти чыңдоо" долбоорун бейлөө (мониторинг) жүргүзгөнү уюмдун Азия-Тынч океан регионун жана жакынкы чыгыш бөлүмүнүн жетекчиси Ульрих Г. Гундерт (Ulrich H. Gundert) жетектеген топ келишти.

Толугураак...

Энелер мектеби – Жалал-Абадта жана Ошто

Үстүбүздөгү жылдын 16-17-июндарында Ош жана Жалал-Абад шаарларында «Brot fur die Welt» (Дүйнөгө нан) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган "Салттык жана заманбап усулдарды колдонуу аркылуу түштүк жергесинде достукту жана биримдикти чыңдоо" долбоорунун алкагында «Эрайым» АКБнын түштүк региондорунда түзгөн өз жардам топторунун мүчөлөрү үчүн “Энелер мектеби” темасындагы көнүгүм болуп өттү. Аталган көнүгүм “Энелер мектеби” программасынын соавтору Д. Майгулакова тарабынан өткөрүлдү.

Толугураак...

Чоң-Сары-Ой айыл аймагында түптөлгөн ӨЖТ Биримдиктери

"Эрайым" аялдар коомдук бирикмеси “Өз жардам” концепциясын Кыргызстандын региондорунда кенен  жайылтып жаткан уюмдардын бири болуп саналат. Ушул кезге чейин уюм тарабынан Чоң-Сары-Ой айыл аймагындагы Өрнөк, Сары-Ой, Бает айылдарында 32 өз жардам тобу (ӨЖТ) түзүлүп, топ мүчөлөрү жигердентүүгө багытталган ар тараптуу окуу-көнүгүмдөрдү (тренинг), кеп-кеңештерди алып келишүүдө. 

Толугураак...

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru