Мектептерде Ч.Айтматовдун туулган күнүнө арналган иш-чаралар жыйынтыкталды
24.12.2017 15:30
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы №116-Абу Али ибн Сино, № 86-Курманжан Датка, №117-К.Маткеримов атындагы орто мектептеринде залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган “Аалам алпы – Айтматов” аталышындагы иш-чаралар топтому өттү.
Долбоордун лидерлер ийриминин мүчөлөрү тарабынан салтанаттуу кече уюштурулуп жазуучунун чыгармаларындагы баалуу табылгалар боюнча докладдар жасалды.Көркөм окуулар окулду. Анын чыгармаларынын негизинде жазылган обондуу ырлар этноансамбль ийриминин жетекчиси Гуласал Алиева жана форум-театр ийриминин жетекчиси Сталбек Маматкуловдор тарабынан аткарылды. Ийрим мүчөлөрү тарабынан сахналык көрүнүштөр коюлду. Кечеде жазуучунун чыгармалары боюнча мектеп окуучулары жана БӨЖТ мүчөлөрү тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсү да уюштурулду.
Иш-чаранын максаты – ааламга аты кеткен Айтматовдун чыгармачылыгын терең түшүнүү болду. Иш-чараны уюштурган мүчөлөр азыркы жаштарга Ч.Айтматовдун чыгармалары тууралуу түшүнүк берүү, алардын аң-сезиминин туура калыптанышына өбөлгө түзөт деп ишенишет.
Эрлан Давлатов, долбоордун Ош дубаны боюнча PR адиси