124.12.2017   13:51

“Эрайым” Аялдар Коомдук Бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун Ош дубаны боюнча укуктук кеңешчиси Дилшод Кадирходжаевден долбоор аймагындагы жашоочулар бир топ акысыз укуктук жардамдарды алышты.

Долбоордун укуктук кеңешчисинин айтымында долбоор алкагында жалпы 61 керектөөчүгө укуктук жактан жардам көрсөтүлгөн. Укуктук жардам көрсөтүү боюнча деталдаштырылган көрсөткүч диаграмма аркылуу берилди.

Диаграмма kg

Дилшод долбоордун укуктук кеңешчиси катары жылдын март айынан бери иштеп келе жатат. Ал долбоор аймагындагы жашоочуларга жардам берүү менен бирге эне мектептеринин каттоодон өтүшүнө абдан чоң көмөк көрсөтүүдө. Эгер долбоор болбосо жарандар жана эне мектептеринин кызматкерлери мынчалык деңгээлде укуктук жактан жардам ала алышмак эмес эле. Себеби алар башка укукчуларга кеп-кеңеш алуу үчүн төлөөгө аргасыз болмок. Алар айткан акча каражатын кээлери табышса, кээлери таппай да калышмак. Ошондуктан долбоор аймагындагы жашоочулар долбоор аркылуу бекер укуктук кеп-кеңештерди алышып, өздөрүнүн көйгөлүү маселелерин чечип алып жатышкандыктарына абдан ыраазы.

 2

3

7

6

10

11

4

 Эрлан Давлатов, долбоордун Ош дубаны боюнча PR адиси