Ар өнөргө шыктуу кыз
09.09.2016 15:07
Кундуз кичинесинен маданият кызматкери болууну самачу. Анан диктор болуп, эл алдына жаркылдап чыгып, маалыматтарды айтып турган телекызматкери да болгусу келген. Мектептеги бардык маданий массалык иштерге биринчилерден болуп катышып, ырдап, бийлеп, сынактардын жеңүүчүсү катары да таанылып жүргөн. Ошентип, ар өнөргө шык коюп жүрүп, Базар-Коргон районундагы М.Элебаев атындагы орто мектепти аяктады.
Суусар айымдын демилгеси
09.09.2016 14:32
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Нариман айыл аймагында Каратай аталышында чакан кыштак бар. Ал жерде ар улуттун өкүлдөрү ынтымакта, бир үй-бүлөдөй биримдикте жашашат. Жергиликтүү калк негизинен дыйканчылык менен алектенишет.
“Эне мектептеринин” саны өсүүдө
09.03.2016 11:54
Эгемендүүлүк майрамына карата “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан Кара-Суу районундагы Шарк, Кызыл-Кыштак жана Мады айыл аймактарында уюштурулган Өз Жардам топторунун мүчөлөрү жакшы белек камдашты.
Үлгүлүү “Эне мектеби”
09.09.2016 14:21
Кара-Суу районундагы “Эл-Нурай” бала бакчасы “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин демилгеси аркылуу уюшулган “Максат” Өз жардам тобу тарабынан ачылган. Мындагы өзгөчөлүк аталган бала бакча “Эне мектеби” катары иштейт.
Инвент коомунун АСА программасы менен «Эрайым» аялдар коомдук бирикмесинин кызматташуусу уланууда
29.07.2016 14:37
«Эрайым» АКБсы 10 жылдан ашуун убакыттан бери Германиянын Инвент коомунун АСА программасы менен кызматташып келет.
АСА штаб квартирасы Германияда болгон өнүктүрүү саясаты боюнча окутуу программасы болуп эсептелет. Программа чындык жана туруктуу өнүгүү үчүн күрөшкөн, адам укуктарын жана маданий баалуулуктарды баалаган активдүү жаш европеецтерди колдоого багытталган.