16.07.2014 12:05

Кыргызстандын айыл жергелериндеги жана Бишкек шаарынын жаңы конуштарындагы «Эрайым» аялдар коомдук бирикмесинин керектөөчүлөрүнүн балдарына англис тили боюнча жайкы мектептерди өткөрүү үчүн, ошондой эле айылдык мектептердин англис тил мугалимдерине англис тилин окутуунун ыкмаларын жакшыртуу курстарын уюштуруу максатында Улуу Британиядан чет элдик ыктыярчылар дагы бир жолу келишти.

Бул жылы жалпысы болуп он ыктыярчы келсе, анын экөөсү англис тил мугалимдерине англис тилин окутуунун ыкмаларын жакшыртуу боюнча машыктыруучулар катары мугалимдерди даярдашат, ал эми калган сегиз ыктыярчы “Эрайым” АКБнын керектөөчүлөрүнүн балдарына жайкы мектептерди өткөрүшөт.

Бул жолу англис тил мугалимдерине англис тилин окутуунун ыкмаларын жакшыртуу боюнча окуулар Нарын облусунун Атбашы районунун 23 мектебинин 23 англис тил мектеп мугалимдерине 2014-жылдын 7-июлунан 18-июлуна чейин өткөрүлөт. Улуу Британиялык машыктыруучулар Анна Гарсед жана Франсиз Гарсед Кыргызстанга биринчи жолу келишкен жок. “Эрайым” АКБсы айыл жерлеринде мындай 10 күндүк мектеп мугалимдери үчүн уюштурулган курстарды үчүнчү жыл катары менен өткөрүп келүүдө.

Англис тили боюнча 2014-жылкы жайкы мектептер Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушундагы № 77 мектепте, Чүй облусунун Алчалуу айылында жана Атбашы районунун Касыке Мамбеталиев атындагы мектепте өткөрүлмөкчү. Жайкы мектептер Улуу Британиянын алдыңкы жогорку окуу жайларында окуган сегиз ыктыярчы тарабынан өткөрүлөт. 2014-жылкы жайкы мектепттерди уюштуруу программасынын координатору Джо Колейшоу. “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси жана уюмдун керектөөчүлөрү өзүнүн чоң салымын ыктыярчылык программасынын өнүгүшүнө гана эмес, жалпы уюмдун өнүгүшүнө кошуп келе жаткан жайкы мектеп идеясын уюштурган Клэр Ривз айымга өзгөчө ыраазычылык билдирет.