Атбашылык англис тилчи мугалимдерге 10 күндүк курс
30.07.2014
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси 2000-жылдан бери өздөрүнүн максаттуу топторунун жана аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарынын англис тилин өздөштүрүүсүнө терең көңүл буруп келишүүдө. Эң алгачкы жылдары жай мезгилинде жергиликтүү англис тилчи мугалимдер аркылуу балдарга англис тилин үйрөтүшсө, бара-бара англичандардын өздөрүнө байланышка чыгууга жетишишти.
Түз байланышка чыгуда Кыргыз-Америка университетинин мурунку мугалими Мадлин Ривз деген англичанка кыздын эмгеги чоң. Мадлин кыргыз элинин арасында көп жашап, кыргыз жашоо образын терең өздөштүргөн кыз. Ал үйүнө Англияга барганда апасы Клэр Ривзге кыргыз жашоосу жөнүндө көп айтып берчү. Апасы кыргыз жашоосуна кызыгып, ыктыярчы катары келгиси келет. Аны Мадлин “Эрайымдын” кызматкерлерине айтат. Себеби Мадлин эң алгачкы ички мигранттар боюнча долбоорун “Эрайымдан” баштаган эле. “Эрайымдын” кызматкерлери Клэр Ривзди 2004-жылы чакырышат. Ал ошол жылдан 2013-жылга чейин “Эрайым” негиздеген “Бүчүр” окуу борборунун мүчөлөрүнө, Ак-Өргөнүн жана Ак-Ордо конушунун балдарына англис тилин бекер үйрөтө баштайт. Ал акыркы кездерде бир гана өзү келбей атайын “Эрайым” менен биргеликте долбоор жазып жайкы англис тили мектебин үзгүлтүксүз уюштуруп келүүдө.
Былтыркы жылдан баштап “Эрайым” түзгөн региондордогу өз жардам топторунун мүчөлөрүнүн ичиндеги англис тилчи мугалимдеринин өтүнүчү менен 10 күндүк “Англис тилин үйрөтүү ыкмасын жакшыртуу” курсун уюштуруп келүүдө. Былтыр Ак-Өргө конушундагы № 84-орто мектепте уюштурса, быйылкы жылы Атбашы районундагы Молдалиева Айнагүл жетектеген Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектепте уюштурушту. Курска Ат башы району боюнча 21 орто мектептен 23 англис тилчи мугалими катышты. 10 күндүк курсту Англиядан келген Анна жана Франсис Гарсиддер өткөрүштү. Эне бала Гарсиддер өз ыктярлары менен өз каражаттарын сарпташып алыскы Англия жергесинен келишип, жан-дилдери менен берилип ыктыярчы катары иштеп беришти. Курстун катышуучулары жана Атбашы райондук элге билим берүү бөлүмүнүн жетекчси Дөөткулов Дүйшөнбек ачылышы менен жабылышына катышуу менен бирге англиялык ыктыярчыларга терең ыраазычылык билдиришти. Курс 7-18-июлга чейин болду. Бул курс англис тилчи мугалимдеринин окуучуларга англис тилин окутуу ыкмасын жакшыртууга чоң көмөгүн көрсөтө алды.
Р. Жусупова