Чоң-Сары-Ой айыл аймагында түптөлгөн ӨЖТ Биримдиктери
"Эрайым" аялдар коомдук бирикмеси “Өз жардам” концепциясын Кыргызстандын региондорунда кенен жайылтып жаткан уюмдардын бири болуп саналат. Ушул кезге чейин уюм тарабынан Чоң-Сары-Ой айыл аймагындагы Өрнөк, Сары-Ой, Бает айылдарында 32 өз жардам тобу (ӨЖТ) түзүлүп, топ мүчөлөрү жигердентүүгө багытталган ар тараптуу окуу-көнүгүмдөрдү (тренинг), кеп-кеңештерди алып келишүүдө.
Өтүлгөн окуу-көнүгүмдөр, берилген кеп-кеңештер ӨЖТ мүчөлөрүнүн өз айылдарында экономикалык, тирлик, маданий, экологиялык, талам талашуу жана шыкактоо (эдвокаси и лоббирование) багыттарында иш алып баруусуна олуттуу жардамы бергени шексиз.Учурда 32 өз жардам тобунун ортолук сактоолуктары 2 000 000 сомго жетти. ӨЖТ мүчөлөрү ортолук сактоолуктарынан насыя алып кичи жана орто ишкерликтерди ачышып, турмуш-тиричилигине керектүү буюмдарды алышып өз жашоолорун оңдоодо. Өз жардам топордун мүчөлөрүнүнүн кичи жана орто ишкерликтерин колдоо иретинде "Эрайым" аялдар коомдук бирикмеси негиздеген "Эрайым-Береке" кичи каржылык агенттигини 2 500 000 сом өлчөмүндө насыяларды таркатты.
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси өз жардам топторунун балдарынын ар тараптуу өнүгүүсүнө дагы чоң маани берет. Бул багытта балдарга англис тилин үйрөтүү үчүн эл аралык ыктыярчыларды да жылына чакырып турат. Бир иш экинчи ишке себеп дегендей келген ыктыярчылардын ичинен Англиялык ыктыярчы Урсула айым Чоң-Сары-Ой айыл аймагындагы түзүлгөн өз жардам топторунун Биримдиктеринин түзүлүшүнө себепкер болуп калды. Анын каржылык колдоосунун натыйжасында 2013-жылы Сары-Ой айылынын 5 өз жардам тобунун жана Бает айылынын 7 өз жардам тобунун мүчөлөрүнөн турган 2 Биримдик түзүлдү. Биримдиктердин негизги максаты айылдагы өз жардам топторунун экономикалык, тирлик, маданий, экологиялык, талам талашуу жана шыкактоо иш аракеттерине колдоо көрсөтүп, көмөктөшүү болуп эсептелинет. Түзүлгөн 2 Биримдик райондук мамлекеттик администрациянын жана райондук аялдар комитетинин колдоосу алдында 2014-жылдын март айында Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл аймагында ӨЖТ ишмердүүлүгүн чагылдырган семинарды өткөрүштү. Өз жардам топторунун ишмердүүлүгүн көргөн башка айыл аймактарынын жетекчиликтери менен бирге айыл аймактын жашоочулары да айыл элинин жашоо деңгээлин көтөрүүдө жана аларды активдештирүүдөгү бул ыкманы колдонууга кызыкдар болушту.
Бүгүнкү күндө биздин уюмга Бозтери, Чоң-Сары-Ой, Чолпон-Ата, Темировка, Кашат, Чоктал, Чырпыкты, Тамчы, Тору-Айгыр, Корумду, Кум-Бел, Өрүктү айылдарынан өз жардам тобун түзүүгө жардам сураган кайрылуулар көп болууда. Өз жардам топторунун 2 Биримдиги Ысык-Көл району боюнча дагы 20 айылга өз жардам топторун түзүүнү сунушташты.
Абдылас Кошумбаев