Энелер мектеби – Жалал-Абадта жана Ошто
Үстүбүздөгү жылдын 16-17-июндарында Ош жана Жалал-Абад шаарларында «Brot fur die Welt» (Дүйнөгө нан) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган "Салттык жана заманбап усулдарды колдонуу аркылуу түштүк жергесинде достукту жана биримдикти чыңдоо" долбоорунун алкагында «Эрайым» АКБнын түштүк региондорунда түзгөн өз жардам топторунун мүчөлөрү үчүн “Энелер мектеби” темасындагы көнүгүм болуп өттү. Аталган көнүгүм “Энелер мектеби” программасынын соавтору Д. Майгулакова тарабынан өткөрүлдү.
ӨЖТ мүчөлөрү “Энелер мектебинин” бет ачарын көрүштү, бул багытта программа кабыл алынгандан тартып кандай иштер аткарылып, кандай ийгиликтер жаралгандыгы тууралу тааныша алышты. Мындан сырткары, тренер энелер мектебин ачып иштеп жаткан ӨЖТ мүчөлөрүнө баалуу кеңештерди жана энелер мектебин региондордо уюштуруу үчүн шарттуу болгон максаттуу аракеттерди айтып, уюштуруучулук-укуктук формаларына да токтоло кетти. Көнүгүм бүткөн соң, Д. Майгулакова долбоордун координаторунун жардамчысы А. Сабырбекова менен биргеликте Жалал-Абад облусунда иштеп жаткан ӨЖТ мүчөлөрү уюштурган “Ынтымак” жана “Наристе” энелер мектебинин иштери менен да таанышып, алардын иштерине баа беришти.
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси “Энелер мектеби” программасын билим берүүнүн интерактивдүү ыкмаларын өзүнө камтыган мектепке чейинки мекемелерге (балдар бакчасына) барганга шарты жок балдарды үй шартында жана кыска мөөнөттө мектепке даярдоого багытталган билим берүү уюму экенин терең түшүнүү менен ӨЖТ мүчөлөрүнүн, ошондой эле калк арасында жигердүү жайылтууга көмөк көрсөтөт жана бул Кыргызстандын азыркы шарттарында эл үчүн абдан керектүү программа экенин баса белгилеп кетет.
А. Сабырбекова