Германиялык "Дүйнөгө нан" эл аралык уюмунун өкүлдөрү ОШ, Жалал-Абадда
09.05.2014
2014-жылдын 4-6-майларында "Эрайым"Аялдар Коомдук Бирикмесинин Германиялык Brot fur die Welt (Дүйнөгө нан) эл аралык уюму колдоого алган "Салттык жана заманбап усулдарды колдонуу аркылуу түштүк жергесинде достукту жана биримдикти чыңдоо" долбоорун бейлөө (мониторинг) жүргүзгөнү уюмдун Азия-Тынч океан регионун жана жакынкы чыгыш бөлүмүнүн жетекчиси Ульрих Г. Гундерт (Ulrich H. Gundert) жетектеген топ келишти.
Иш-сапардын алкагында алар Ош дубанындагы Кара-Суу районуна караштуу Мады жана Шарк айыл аймактарында, Жалал-Абад дубанынын Базар-Коргон районуна караштуу Базар-Коргон айылдык аймактагы долбоордун негизинде аткарылып жаткан иш-чаралар менен таанышып чыгышып, долбоордун аткаруучулары менен жолугушту. Долбоордун алкагында аткарылып жаткан иш-чаралар менен жер-жерлерде таанышышты. Долбоордун керектөөчүлөрү менен болгон маектерде келген коноктор долбоордун актуалдуулугун жана айыл жергелериндеги элдерге абдан олуттуу жардам бергендерин керектөөчүлөрдүн өздөрүнөн дагы угушту.