«Достук» мектеп кичи радиосунун БӨЖТ мүчөлөрүнө жана мектеп окуучуларына тийгизген таасири
16.10.2017 16:30
“Эрайым” Аялдар Коомдук Бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун негизинде Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы №16-Абу Али ибн Сина, №117-К. Маткеримов атындагы мектептеринде ачылып иштеп жаткан «Достук» мектеп кичи радиосу жана жамааттык мультимедиа борбору ачылгандан тартып көптөгөн кичинекей окуучулар жана БӨЖТ мүчөлөрү журналистика тармагына кызыгуусу артты.
Себеби “Эрайым” АКБсы тарабынан уюшулган “Лидерлик” ийриминин сабактарына катышып журналистика багытындагы окууларды окуп келген катышуучулар коом менен байланышып жаңылыктарды даярдоону үйрөнүштү. Өзгөчө мектеп боюнча “Лидерлик” ийримине жана журналистика тармагына көбүрөөк кичинекей окуучулар кызыгат. Алар учурда ар кандай техникалар менен иштөөгө жөндөмдүү. Белгилей кетсек келечекте өзүн журналист катары көргөн 12 жаштагы “Үмүт” БӨЖТ мүчөсү Дүйшөбаева Батма кичинесинен тартып радио, телеканалда иштөөнү кыялданганын белгилейт. Себеби журналист көптөгөн көйгөйлөрдү чечип бере алат», - дейт ал. Ал эми “Лидерлик” ийриминин катышуучусу, “Балажан” БӨЖТ мүчөсү Розувай кызы Мавлюда өзү келечекте дарыгер болууну каалаган, бирок азыр журналист болгусу келгенин айтат. Журналистика аркылуу көп өлкөнү көргүсү келет. Азыркы кезде аталган мектеп радиосунда жалпы төрт редактор бар. Редакторлор билген билимин окуучуларга үйрөтүп, жаңылык жазуунун жолдорун көрсөтүп беришет. Жумасына жаш журналисттер, алып баруучулар 4 жолу ар кандай темадагы мектеп жаңылыктарын даярдашат. Учурда мектеп радиосунан күн сайын жаңылыктар, куттуктоолор, атактуу инсандар аталышындагы рубрикаларды эфир аркылуу обого жаңыртышып, мектеп мугалимдери жана окуучуларынын алкышын алышты.
Эрлан Давлатов
Долбоордун Ош облусу боюнча PR адиси