“Эрайым” уюму менен ASA программасынын биргеликте аткарган долбоор өз максатына жетти
05.10.2017 14:54
«Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси менен Германиянын ASA1 программасынын кызматташуусунун алкагында ишке ашырылып жаткан “Айыл жергелерин жана туруктуу туризмди өнүктүрүүдө элдерди жигердентүү” долбоорунун негизинде ecovillage.kg сайты ишке киргизилди.
Бул долбоор ASA программасынын 2016-жылдагы ыктыярчылары Екатерина Фрейденберг, Яна Вилле менен 2017-жылдагы ыктыярчысы Лена Шустердин зор жардамы менен ишке ашырылды. Долбоорду ишке ашырууда “Эрайым” уюмунун кызматкерлери, Өз жардам топтору боюнча тирекчилер Кошумбаев Абдылас жана Сепишова Элмира дагы чоң салым кошушту.
Долбоордун негизги максаты Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын, социалдык жана маданий мурастарын сактоо жана жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу үчүн аймактарда эко- жана агро-туристтик ишмердүүлүктү өнүктүрүүдө өз жардам топторуна жана кызыктар тараптарга колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Экотуризм жана туруктуу саякат жөнүндө маалыматтарды өзүнө камтыган www.ecovillage.kg сайтынан Сиз ASA программасынын ыктыярчылары жана «Эрайым» уюмунун кызматкерлери тарабынан сурамжылоодон өткөрүлгөн конок үйлөр, Кыргызстандын аймактары жөнүндө жана башка туристтер үчүн маанилүү болгон маалыматтарды таба аласыз. Бул долбоор пилоттук долбоор катары ишке киргизилди жана келечекте өз ишин дагы кеңейтүү аркылуу алдыга койгон максаттарга карай ишмердүүлүгүн улантат.
Эрайым Пресс