“Мугалим - өнөр башаты” достук иш-чарасы
04.10.2017 19:32
“2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата Ош облусунун маданиятын көтөрүү, тарыхын жандандыруу, айыл аймактарда жашап, окуп жана эмгектенип жаткан мугалимдердин арасындагы өнөрпоздорду, уз-чеберлерди, обончуларды, аткаруучуларды колдоо жана алардын чыгармачылыгын байытуу, таланттуу, чыгармачыл мугалимдердин кадыр-баркын жогорулатуу багытында Ош билим берүү институту “Мугалим – өнөр башаты” достук иш-чарасын Ош шаарында уюштурушту.
Ага “Эрайым” АКБсынын Ош облусундагы активисттери да күбө болушту жана колдоо көрсөтүштү. Аталган иш-чарага Ош облусунун Кара-Суу районундагы мектептерден тандалган таланттуу мугалимдер катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Белгилей кетсек бул саамалыка “Эрайым”АКБсы тарабынан уюшулган Кара-Суу районунун Мады айыл аймагындагы №86 - Курманжан Датка мектебиндеги мугалимдерден түзүлгөн “Үмүт” ӨЖТ мүчөлөрүнүн таланттуу, өнөрлүү эжекелери кызуу катышышты. Бул иш-чаранын максаты элдин маданиятка, искусствого болгон кызуугусун артыруу жана аларга руханий байлык тартуулоо. Элдик өнөр мурастарды, каада-салт, үрп-адаттарын сактоо, аздектөө жана мындан ары өсүп-өнүгүүсүн бекемдөө. Ошондой эле маданият аркылуу элдерди биримдике, тынчтыкка жана ынтымака чакыруу болуп саналат.
Эрлан Давлатов, Ош облусу