116.10.2017  17:20

“Эрайым” Аялдар Коомдук Бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун негизинде Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы №16-Абу Али ибн Сина, №86- Курманжан Датка, №117-К. Маткеримов атындагы мектептеринде “Эрайым” АКБсы тарабынан уюшулган “Лидерлик” ийрими жана “Достук” мектеп кичи радиосунун жаш журналисттери жана катышуучулары 2017-жылдын 2-октябрь күнү “ОшТВ” телерадио компаниясына барып, аталган телеканалдын кызматкерлери менен жолугушту.

Ал жолугушууда келечекте мен журналист, кабарчы, алып баруучу, режиссёр, оператор болом деп умтулган уюшумдуу жаш лидерлер көп жылдар бою бүт эмгегин телевидениеге арнаган “ОшТВ” телеканалынын башкы режиссёру Бахадир Кенжебаев менен маектешип, телевидение жана радио берүүлөрдүн таасири ошондой эле түз эфирге чыгып жаткан программалар тууралуу кенен маалымат алышты. Бул иш чарадан негизги максат бүгүнкү үмүт – эртеңки келечек дегендей жаш лидерлердин “Достук” мектеп радиосунда практика жүзүндө үйрөнүп иштеп эле калбастан, чоң тажрыйба болсун деген максат жана ураан менен “ОшТВ” телерадио компаниясына кадам таштап таанышып келишти. Эми мындан ары БӨЖТ мүчөлөрдөн кызыккан балдар аталган телеканалга келип, үйрөнүүсүнө шарт түзүп берүүгө даяр экенин “ОшТВ” телеканалынын массалык жана маданий көрсөтүүлөрдүн башкы редактору Бекзат Зарипбек уулу өз сөзүндө белгилеп өттү. Мындай жылуу мамилеге, берилген мүмкүнчүлүккө жалпы катышуучулар өз ыраазычылыгын билдиришти.

2

3

4

6

7

8

Эрлан Давлатов
Долбоордун Ош облусу боюнча PR адиси