Ишкерлик тажрыйбасы - бизнес планды туура тандоо
21.06.2023 10:34
«Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси жана Америка кошмо штаттарынын “ELCA” Эл аралык уюму колдоого алган “Жашообуз өз колубузда” долбоорунун алкагында “Ишкерликти баштоо жана өнүктүрүү ”аталышында 2023-жылдын, 19-20-21- июнь күндөрү үч күндү окуу көнүгүм уюштурулду.
Псхологиялык пайдалуу окуу көнүгүм
19.06.2023 10:18
«Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси Америка кошмо штаттарынын “ELCA” Эл аралык уюмунан колдоого алынган “Жашообуз өз колубузда” долбоору алкагында “Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары менен иштөөнүн социалдык-психологиялык ыкмалары”аталышында 2023-жылдын, 19-июнь күнү окуу көнүгүм уюштурулду.
Учкун айылындагы биогумус жана компост жасоо ыкмасы
08.06.2023 10:17
2023-жылдын, 7-8-июнь күндөрү Ош облусунун Кара-Суу районунда «Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси жана Америка кошмо штаттарынын “ELCA” Эл аралык уюму колдоого алган “Жашообуз өз колубузда” долбоорунун алкагында “Компост, биогумус” жана “Жердин такырлануусуна карышы күрөшүүнүн негизги жолдору” аталышында эк күндүк окуу көнүгүм уюштурулду.
Социалдык-психологиялык ыкмалар боюнча пайдалуу окуу көнүгүмдөр
17.06.2023 13:47
Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Эрайым” уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында “Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары менен иштөөнүн социалдык-психологиялык ыкмалары” деген темада үч күндүк тренинг 2023-жылдын, 16-17-18-июнь күндөрү болуп өттү.
Улуттук Медиация Борборуна 10 жыл
04.06.2023 11:35
Ушул жылдын, 4-июнь күнү Ош облусунун Алай районунун Сары-Ой жайлоосунда “Улуттук медиация борборунда 10 жыл ”аттуу чоң программады 2 күндүк жолгушуу иш-чарасы болуп, ага Кыргызстан, Казахстан, Узбекистандан жана “Эрайым ”АКБнин медиаторлорунун катышуусунда 10 жылдык салтанат өткөрүлдү.
Аталган иш-чарада башка өлкөдөн келген конокторго Алай туралуу маалымат берилип, улуттук сый көрсөтүлүп, көнүл көтөрүүчү оюн-зооктор тартууланып, күндүн экинчи жарымында кызыктуу болгон сармерден уюштурулду.
Иш-чаранын негизги максаты медиаторлордун тажрыйба алмашуусу жана медиация ыкмасын азия өлкөлөрүндө өнүктүрүү. Бул саамалык республикалык деңгээлде уюштурулуп, ага “Эрайым”АКБнин Ош облусундагы кызматкерлери жана медиаторлору жогорку деңгээлде уюшутурууга өз салымдарын кошушту.
Ал эми 5-июнь күнү Ош шаардык мэриясынын чоң залында тегерек стол өткөрүлүп, ага катышкан медиаторлор өздөрүнүн медиация болгон ойлорун айтышып, тажрыйбалары менен бөлүшүп, кезекте өтүүчү тегерек стол Баткен шаарыда өткөрүлө турганын пландашты дейт; - жергиликтүү медиатор Гүлкайыр Жолдубаева.