08.06.2023  10:17

2023-жылдын, 7-8-июнь күндөрү Ош облусунун Кара-Суу районунда «Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси жана Америка кошмо штаттарынын “ELCA” Эл аралык уюму колдоого алган “Жашообуз өз колубузда” долбоорунун алкагында “Компост, биогумус” жана “Жердин такырлануусуна карышы күрөшүүнүн негизги жолдору” аталышында эк күндүк окуу көнүгүм уюштурулду.

Окуу көнүгүм Учкун айылда өткөрүлүп, ага “Тазагул”, “Максат”, “Береке” жана “Ынтымак” ӨЖТ мүчөлөрү катышышты. Көнүгүмдү тажрыйбалуу машыкчы, агроном Тойчу Маматов өткөрдү.Аталган топтор практика жүзүндө маалымат алышты.

Долбоор алкагында 26-июнь күнү “Максат” ӨЖТ мүчөлөрү өздөрүнүн жер тилкесине компост жасоону башташты. Ал эми “Ынтымак”ӨЖТ тобунун мүчөлөрү Сейит Нурбаевдин үйүнүн короосундагы бош жерине биогумус тажрыйба аянтчаларын даярдашты. Мындай жөрөлгөнү баштап турган топ мүчөлөрү тажрыйба жер тилкесине келип айыл тургундары үйрөнүп, тажрыйба алышса болот дейт; - “Максат”ӨЖТ мүчөсү Абдурасулова Салтанат.