Ишкерлик тажрыйбасы - бизнес планды туура тандоо
21.06.2023 10:34
«Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси жана Америка кошмо штаттарынын “ELCA” Эл аралык уюму колдоого алган “Жашообуз өз колубузда” долбоорунун алкагында “Ишкерликти баштоо жана өнүктүрүү ”аталышында 2023-жылдын, 19-20-21- июнь күндөрү үч күндү окуу көнүгүм уюштурулду.
Окуу көнүгүм Кара-Суу районунун Мады айыл аймагындагы Учкун айылда өткөрүлүп, ага “Тазагул”, “Максат”, “Береке” жана “Ынтымак” ӨЖТ мүчөлөрү жигердүү катышышты. Окуу көнүгүмдү тажрыйбалуу машыкчы Мухабат Жакева жогорку деңгээлде өткөрдү.
Үч күндүк окуу көнүгүмдүн жүрүшүндө катышуучулар ишкердүүлүк деген эмне жана өнүктүрүү көндүмдөрү боюнча, бизнес план жазуу макатында окууга катышып, ой жүгүртүүнүн дизайынын, ошол бизнес идеяны туура тандаганды үйрөнүштү. Жыйнтыгында катышкан 4 ӨЖТ мүчөлөрү өздөрүнүн бизнес пландарын даярдап чыгышты дейт машыкчы Мухабат Жакева.