31.05.2023   10:45

«Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси жана Америка кошмо штаттарынын “ELCA” Эл аралык уюму колдоого алган “Жашообуз өз колубузда” долбоорунун алкагында “Тамчылатып сугаруу – сууну үнөмдүү пайдалануунун жолу”аталышында 2023-жылдын, 30-31-май күндөрү эк күндүк окуу көнүгүм уюштурулду.

Окуу көнүгүм Кара-Суу районунун Мады айыл аймагындагы Учкун айылда өткөрүлүп, ага “Тазагул”, “Максат”, “Береке” жана “Ынтымак” ӨЖТ мүчөлөрү жигердүү катышышты. Окуу көнүгүмдү тажрыйбалуу машыкчы Тынычбек Өзгөнов жогорку деңгээлде өткөрдү.

Мады айыл аймагында уюшулган “Максат”, “Ынтымак”, “Тазагүл”, “Береке” тобунун мүчөлөрү эки күндүк окуу көнүгүмдүн жүрүшүндө тамчылатып сугаруучу система кантип иштейт, системаны колдонуунун шарттары, система кандай өсүмдүктөргө колдонулат, системанын баасы туралуу окуп үйрөнүп, практика жүзүндө маалымат алышты.

Ал эми, жыйынтыгында 26-июнь күнү “Максат” жана “Береке” ӨЖТ топтору долбоордун колдоосунда тажрыйба жер тилкесинде куруу иштерин жүргүзүшүп, 2 сотых жер тилкесине керектүү жабдыктарды орнотушту. Келечекте бул тажрыйба аянтчасы менен айылдагы фермерлер, дыйкандар кызыккан айыл тургундары келип таанышып, тажрыйба алууга мүмкүчүлүк түзүлдү дейт; - Ош облусундагы жергиликтүү долбоор тирекчиси Нарынкүль Дюшеналиева .