04.06.2023  11:35

Ушул жылдын, 4-июнь күнү Ош облусунун Алай районунун Сары-Ой жайлоосунда “Улуттук медиация борборунда 10 жыл ”аттуу чоң программады 2 күндүк жолгушуу иш-чарасы болуп, ага Кыргызстан, Казахстан, Узбекистандан жана “Эрайым ”АКБнин медиаторлорунун катышуусунда 10 жылдык салтанат өткөрүлдү.

Аталган иш-чарада башка өлкөдөн келген конокторго Алай туралуу маалымат берилип, улуттук сый көрсөтүлүп, көнүл көтөрүүчү оюн-зооктор тартууланып, күндүн экинчи жарымында кызыктуу болгон сармерден уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты медиаторлордун тажрыйба алмашуусу жана медиация ыкмасын азия өлкөлөрүндө өнүктүрүү. Бул саамалык республикалык деңгээлде уюштурулуп, ага “Эрайым”АКБнин Ош облусундагы кызматкерлери жана медиаторлору жогорку деңгээлде уюшутурууга өз салымдарын кошушту.

Ал эми 5-июнь күнү Ош шаардык мэриясынын чоң залында тегерек стол өткөрүлүп, ага катышкан медиаторлор өздөрүнүн медиация болгон ойлорун айтышып, тажрыйбалары менен бөлүшүп, кезекте өтүүчү тегерек стол Баткен шаарыда өткөрүлө турганын пландашты дейт; - жергиликтүү медиатор Гүлкайыр Жолдубаева.