Псхологиялык пайдалуу окуу көнүгүм
19.06.2023 10:18
«Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси Америка кошмо штаттарынын “ELCA” Эл аралык уюмунан колдоого алынган “Жашообуз өз колубузда” долбоору алкагында “Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары менен иштөөнүн социалдык-психологиялык ыкмалары”аталышында 2023-жылдын, 19-июнь күнү окуу көнүгүм уюштурулду.
Бул иш-чара Кара-Суу районунун Мады айыл аймагындагы Учкун айылда уюштурулуп, окуу көнүгүмдү “Даанакер” үй-бүлөнү бекемдөө борбору” коомдук фондунун жетекчиси, тажрыйбалуу психолог Чынара Термечикова өткөрдү.
Көнүгүмдүн жүрүшүндө катышуууларга “Эмоцияларды башкара билүү же эмоциялар биздин жардамчыларыбыз”, “Стресс менеджмент, ресурстарды сактап калуу жөндөмдүүлүгү, “Өзүн жана башкалар менен тынчтыкта жашоо” аталышындгы темалардын алкагында катышуучуларга керектүү болгон маалымат берилди.
Бул окууга жеригилктүү бийлик өкүлдөрү, мектеп социалдык педагогдору, райондук билим берүү бөлүмүнүн жооптуу адистери, райондук ички иштер бөлүмүнө караштуу жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору катышышты.