Ишкерлик жана каржылык сабаттуулук боюнча машыкчыларды тандоо
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси (АКБ) “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун 5-фазасынын алкагында машыкчыларды (тренерлерди) тандоо боюнча конкурс жарыялайт.
Максаты: ӨЖТБ мүчөлөрүнүн ишкерликтерин туруктуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү көнүгүмдөрдү өткөрүү: Үй-бүлөлүк бюджетти башкаруу Каржылык сабаттуулук Ишкерликти баштоо жана өнүктүрүү
Талаптар:
- Тийиштүү темалар боюнча 3 жылдан кем эмес тажрыйба;
- Кыргыз тилинде интерактивдүү сабак өтүү жөндөмү;
- Жарандык коомдун ишмердүүлүгүн билүү;
- Аналитикалык отчет жазуу тажрыйбасы.
Тапшыруучу документтер:
1️⃣ Техникалык сунуш;
2️⃣ Резюме жана күбөлүктөр;
3️⃣ Финансылык сунуш.
Документтерди 2025-жылдын 1-октябрына чейин төмөнкү дарекке жиберүү керек: This email address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.
Толук маалыматты төмөнкү шилтеме аркылуу техникалык тапшырмадан алыңыз:
Кошумча суроолорго жооп алуу үчүн байланыш телефону:+996 755 282957