logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Ийримдердин бир жылдык отчеттук концертти

123.06.2021  09:15

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы №16-Абу Али ибн Сина, №86-Курманжан Датка, №117-К.Маткеримов атындагы орто мектептептеринде уюшулган англис тили жана этноансамбль ийримдеринин бир жылдык отчеттук концертти болуп өттү.

Иш-чара “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында уюшутурулду.

Бул саамалык ушул жылдын 7-8-9-июнь күндөрү белгиленип, анда этноансамбль ийриминин жетекчиси Гүласал Алиева жана ийримге катышкан балдар келген конокторго чакан программадагы концерттин тартуулашты. Мында балдар өздөрүнүн үйрөнгөн музыкалык аспаптары менен кыргыз, өзбек, орус, жана тажик тилдеринде ырларды аткарып беришти.

Кеченин соңунда иш-чараны англис тил ийриминин катышуучулары улап, алар жыл ичиндеги алган билимдерин ата-эне, мугалимдерине көрсөтүү максатында англис тилинде сүйлөп, ырларды айтып, балдар бири-бири менен англис тилинде суроо-жоопторду өткөрүп, катышуучулар арасында “Биз англисче сүйлөйбүз” аталышында сынак уюшутуруп, женүүчүлөргө чакан белектерди тартууланды дейт - ийрим жетекчиси Элиза Алмазбекова.

Иш-чаранын негизги максаты - этностор аралык ынтымакты, достукту бекемдөө жана чыгармачылыкка жол алган жаш таланттарга шык берүү болуп саналат. Жыл ичинде жаш жигердүү балдар өздөрүнүн алган билимдерин жана жетишкендиктерин ата-энелерге, мугалимдерге, ӨЖТ, БӨЖТ топторго ырлар, пьесалар аркылуу тартуулоо дейт: - БӨЖТ тирекчиси Кыял Мамажанова.  

2

3

4

5

6

7

8

Эрлан Давлатов, Ош облусу

Youtube баракчабыздан көрүңүз

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru