logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Достукту даңазалаган маданий иш-чарасы

108.04.2021   09:15

2021-жылдын 5-апрель күнү ар улуттун балдарынан куралган таланттуу балдар арасында достукту даңазалаган маданий иш-чарасы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагындагы №16-Абу Али ибн Сино атындагы мектебинде болуп өттү.

Бул саамалык “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоору тарабынан ачылган Этноансамбль ийрими тарабынан уюштурулду.

Бул кечеде этноансамбль ийримине катышкан балдар ар кайсы улуттардын музыкалык аспаптарында кол ойнотуп, ыр ырдап, бий бийлеп өз өнөрлөрүн ӨЖТ мүчөлөрү жана ата-энелерине тартуулашты. Достукту даңазалаган этнофестивалдын максаты ар улуттун ырларын ырдоо менен балдар арасында ынтымак, достук, биримдикти күчөтүү дейт ийрим жетекчиси Гүласал Алиева.

2

3

4

5

6

Эрлан Давлатов, Ош облусу

 

Youtube баракчабыздан көрүңүз

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru