logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Элеттик тигүүчүлөр өз буюмдарын сатууга чыгарышууда

107.04.2021   14:57

Ушул жылдын март айында Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагына караштуу Кышмаала айылында он кыз-келинден турган тигүү цехи ачылган эле. Алар Австралия Өкмөтүнүн Тике жардам программасынын (DAP) колдоо алдында ишке ашырылып жаткан “Кыргызстандын айыл аймактарындагы аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун алкагында 150 миң сом грант утуп алышкан.

Ал каражатка төрт даана тигүүчү жана бир даана кездеменин четин торлой турган машина сатып алышкан. Бул айымдар буга чейин өз жардам тобун түзүшкөнү менен алар үйүндө жумушсуз олтургандар болчу. Эми аларга жумуш орду пайда болуп, атайын тигүү цехине келип, кадимки жумуш сааты да башталды. Цех болсо менчик үйдүн базасында ачылган. Цех башчысы Рахимова Лобархандын айтымында алар айылдык кичинекей кызардан тартып, айымдардын жазгы, жайкы кийимдерин, көйнөктөрүн тигип жатышат. Ошондой эле күнүмдүк керектелүүчү үй буюмдарын, айыл жеринде көп колдоно турган себет салгыч, туткуч, жеңчелердин түрлөрүн жасап, адегенде айылдыктарга сатып, алардан ашса райондун борборундагы базарга алып чыгуу ниетинде турушат. Азыр бул даяр буюмдарды топтоп, санын арбытып алуу аракетин көрүп жатышат. Тапкан кирешелеринен цехке керектүү жабдыктарды сатып алышып, өздөрүнө ыңгайлуу шарт жаратуунун да камылгасын көрүшүүдө. Бул айымдар “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоору боюнча өз жардам тобуна биригишип, айыл жериндеги бир катар майда-барат көйгөйлүү маселени көтөрүп чыгышып, айыл аймактын жетекчилигине маалымдоо менен аны жөнгө салууга аракет жасап да келишет. Айылдын коомдук турмушуна активдүү катышып, демилге көтөрүп чыгып. Башкаларды да активдүүлүккө чакыруудан чарчашпайт.

1

2

3

4

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу

Youtube баракчабыздан көрүңүз

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru