logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Демократия, медиация үчүн жакшы негиз

326.02.2021   10:43

Төмөндөгү макала биринчи жолу Француз тилинде Улуттук Медиаторлор Ассоциациясынын (ANM France) журналынын 2020-жылдын ноябрь айында чыккан санында жарыяланган. Макаланы колдонууда сөзсүз түрдө анын булагына шилтеме кылыңыз.

https://www.anm-mediation.com/article.php?fullid=136483

Бул макала Жапаров мырза парламенттик шайлоону бурмалоонун натыйжасында конституциялык эмес жол менен бийликке келген 4-октябрга чейин жазылган. Бул демократиянын морттугун көрсөтөт. Бирок, жарандык коом дагы деле болсо жигердүү.

Мурунку Советтер Союзунун Борбордук Азиядагы жападан жалгыз демократиялык өлкөсүндө медиация өнүгүп келе жатат. Бул бир тараптан адамдардын тең укуктуулугун камсыз кылууга жана анын жарандарынын укуктарын кеңейтүүгө умтулган саясий режимдин, экинчи жагынан, медиациянын ортосундагы мамилени көрсөтөт. Бул катышуучуларга өз тарыхын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берген чыр-чатакты чечүүнүн жолу, ошондой эле алардын башка адамдар менен болгон мамилелери, социалдык байланыштарды калыбына келтирүүнүн жолу.

15 жылдан бери «Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси менен ыктыярчы катары катышып келе жаткан Клэр Ривз-Бунион окурмандарга 2010-жылы кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы этникалык кагылышуулардан жапа чеккен, негизинен өзбектерден турган 500гө жакын адамдын өмүрүн алган мамлекетте медиация кандай ролду ойной аларын көрсөтөт. Кыргыз Республикасы 6,3 миллион калкы бар светтик мамлекет. БУУнун Өнүгүү индексинде ал 190 өлкөнүн ичинен 122-орунда турат (Казакстандын түштүгү картада көк түс менен көрсөтүлгөн).

1

2"Эрайым" өкмөттүк эмес уюму (www.erayim.org) 1990-жылдары Советтер Союзунун кулашынан улам келип чыккан эбегейсиз кыйынчылыктарды жеңүү үчүн жогорку билимдүү кайраттуу аялдар тарабынан негизделген. Уюм айылдагы же шаардагы болобу, өлкөнүн жакыр аймактарында чакан өз алдынча жардам топторун окутууну колдойт. Алар өзүлөрүн жардам топтору же ӨЖТлар деп аташат. Азыркы учурда, өзүлөрүн демократиялык жол менен башкарган жана өзүлөрүнүн жетишсиз ресурстарын экономикалык, социалдык, билим берүүчү же маданий өнүгүү долбоорлоруна өз жамааттарында, көбүнчө кичи насыялоо аркылуу топтогон 500дөй топ бар. Алардын милдети - жакырчылык менен күрөшүү, этникалык чыр-чатактарды азайтуу, жаңы муундагы таланттарды өстүрүү, инфраструктураны өркүндөтүү жана жакыр жашаган жамааттардын кызыкчылыктарын илгерилетүү.

Кыргызстандын түштүгүндө ар кандай этникалык тектеги кыргызстан жарандары - кыргыздар, өзбектер, тажиктер, ал тургай орустар жанаша жашашат. Алардын чогуу жашоосу негизинен достук мүнөздө болуп келген. Ар дайым улуттар аралык никелер болуп келген. Бул азыр деле уланып жатат. Бирок бир аз азыраак. 2010-жылдагы чыр-чатакты ички жана эл аралык деңгээлде, 1980-90-жылдардагы саясий толкундоолор менен байланышкан мурдагы жана кыйла олуттуу чечилбеген чыр-чатактардын кайталанышы катары карашат. Алар социалдык-экономикалык, лингвистикалык жана сот чөйрөсүндөгү теңсиздиктен жана саясий күчтөрдүн тең салмаксыздыгынан келип чыгууда. Популист саясатчылар бийликти ач көздүк менен басып алганда, социалдык-экономикалык теңсиздик тез арада этникалык чыр-чатакка айланып кетиши мүмкүн.

Көбүрөөк билгиңиз келсе, төмөнкү шилтеме аркылуу өтүп караңыз

https://journals.openedition.org/asiecentrale/1521?lang=en

2010-жылдын жазындагы катуу кагылышуулардан көп өтпөй, Эрайым чыңалууну басаңдатуу үчүн өз жардам топторун (ӨЖТ) мобилизациялады. Бир нече күндүн ичинде бул бейөкмөт уюм Швейцария жана Германиянын каржылоосунда согуштан жапа чеккен ар кандай этникалык топтордогу 200 балага өтө зарыл болгон бекер тамак менен камсыз кылуу долбоорун аткарды. Алгач ата-энелер коркуп, тартынышса, балдар түшкү тамактан кийин чогуу ойноп, бири-бирине жакындашты. Кийимдери ар кандай маданиятын чагылдырган эки ашпозчу өрттөнүп кеткен мектептин артындагы чоң казандарында тамак жасап жатып, кубанычтуу кызматташууну улантышты. Ата-энелер дагы бири-бири менен сүйлөшө башташты. Кийинчерээк Эрайым балдарды мектеп китептери жана формалары менен камсыз кылды. Бирок андан да маанилүүсү, жакыр үй-бүлөлөргө медициналык жардам көрсөтүлдү. Германиядан келген каржылоонун негизинде улгайган окуучулар мектеп радиосунда эки тилде уктурууга үйрөтүлдү. Ар кандай улуттун өкүлдөрүнүн биргеликтеги күч аракеттери менен балдар үчүн эки оюн паркы түзүлдү. Аялдар биргелешип тигүү цехтерин ачышты. Бул чөлкөмдөгү ар улуттун өкүлдөрү эки тилде тең эркин сүйлөй алышат жана бири-бири менен тыгыз байланышта.

3

Дал ушул тажрыйбанын негизинде Эрайым медиаторлор үчүн көнүгүмдү алгач кызматкерлеринин арасында, андан кийин республиканын түштүгүндө, өзгөчө, кыргыз жана өзбек коомчулугунун ортосундагы кыйынчылыктардан жапа чеккен ӨЖТнын арасында өткөрө баштады.

2020-жылдын февраль айында эки жерде алты күндүк курс өтүлду. ӨЖТ мүчөлөрүнөн тандалып алынган 24 адамга өткөрүлдү. Ага 13 кыргыз маданиятынын өкүлдөрү, 6 - өзбек маданиятынын, 4 - түрк маданиятынын жана бир - уйгур маданиятынын өкүлдөрү катышты. Курстарды Кыргызстандын Улуттук медиация борборунун дассыкан адиси Гүлсина КОЖОЯРОВА окутту.Төмөндөгү сүрөт.

4

Курс төмөнкү элементтерди өзүнө камтыды:

  • Медиацияга киришүү;
  • Медиатордун конфликтологиялык компетенттүүлүгү;
  • Медиатордун коммуникативдик компетенттүүлүгү;
  • Медиатордун эмоционалдык компетенттүүлүгү;
  • Медиация жараяны;
  • Медиатордун юридикалык компетенттүүлүгү.

Теориялык билим ролдоштурулган оюндар жана практикалык көнүгүүлөр менен бекемделди:

  • Медиациянын негизги принциптери;
  • Үй-бүлөлүк медиация;
  • Жамааттык медиация;

Курстун аягында катышуучулар тестирлөөдөн өтүп, сертификатка ээ болушту.

5

Ролдоштурулган оюн

Катышуучулардын ичинен 12 адам окуусун улантып, алты жерде 170ке чейин ыктыярчыларды окутушат. Аларга аксакалдар кеңешинин ыктыярчылары же аялдар топтору, ошондой эле социалдык кызматкерлер, мектеп директорлору же мектеп психологдору кирет. Алардын бардыгы өз жамааттарында иштеп, ал жерде пайда болушу мүмкүн болгон чыр-чатактарды чечүүгө жардам берүүгө умтулушат. Медиациянын өзгөчөлүктөрү жана анын соттук негиздери жөнүндө калкка маалымат берүү үчүн 3400 баракча жана календарь, 20000 стикер басылып чыгарылат. Эки кыска метраждуу тасма социалдык тармактарда дагы жеткиликтүү болот.

Бул долбоор Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму тарабынан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында каржыланган.

2020-жылдын март жана апрель айларында негизги курстардан кийин үй-бүлөлүк медиацияга багытталган үзгүлтүксүз билим берүү курстары өтүшү керек болчу. Пандемияга байланыштуу аларды кийинкиге жылдырууга туура келди. Негизги курста келтирилген жана турмуштук окуяларга негизделген кейс-стади төмөнкү темаларга байланыштуу:

  • “Жубайлардын мүлкүн бөлүштүрүү”.
  • “Коммерциялык жана укуктук чыр-чатактар”.
  • “Балага алимент өндүрүп алуу”.

Сиз чыр-чатактын булактарын тааныйсыз. Алар ар тараптуу. Бирок алар төмөндөгү мисалдарда көрсөтүлгөндөй, ар кандай маданияттарда ар кандай түстөрдү алышы мүмкүн.

Кейс 1.

Руслан менен Элмира ажырашууну чечишти. Алар чындыгында бири-бирин жактырышпайт. Алар жакшы дос болгон ата-энесин кубантуу үчүн гана баш кошушкан. Руслан үй-бүлөлүк батирди кайтарып берүүнү каалайт. Эмне үчүн Элмира ата-энесине кайтып келгиси келбейт, адатта, мындай кырдаал улуттук салтка ылайык кандай каралат? Кызганыч сезимин, үй-бүлөлүк ишенимсиздиктен улам чыккынчылыкты жана үй-бүлөлүк мүлктү бөлүп-жаруу көйгөйүн жеңүү зарылдыгы келип чыгат. Өч алуубу? Өз ара жазалоо? Ашкерелене турган башка романтикалуу сырлары барбы? Медиация процессинде эки тараптын тең башынан өткөргөн азаптуу окуяларынын арасында көп нерсени тактоого болот.

Кейс 2.

"Бакыт" соода паркы Уландын гаражынын жанында жайгашкан. Бир күнү кечинде механиктердин бири ээсине билинбей гаражга кирип, сварканы ширетип баштаган. Кандай азап! Кокустук орун алып, гараж өрттөнүп жатат. Өрт жакын жердеги унаа токтотуучу жайга жайылып, К. мырзага таандык токтоп турган унаалардын бирине катуу зыян келтирген. Өрт өчүрүүчүлөр аны куткарууга аракет кылышат, бирок аны жылдырууга мүмкүн эмес, анткени ал автоматтык унаа жана трансмиссия тормозу күйүп турган. Алар сепилге жетүү үчүн алдыңкы айнекти сындырышы керек. Сот парктын ээсин К. мырзанын автоунаасын оңдогонго кеткен чыгымдарды төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул ага калыс көрүнбөйт, анткени зыян жакын жердеги гараждагы өрттөн келип чыккан. Ал К. мырзага төлөнүп берилген чыгымдыдын ордун кайра толтуруп берүүсүн талап кылууда.

Медиация жараянын кунт коюп уккандан кийин, тараптар эки тараптын тең шалаакылыгын аныкташты. Гараждын ээси буга чейин унаа токтотуучу жайдын ээсине унааларды чатырга жакын койбоңуз деп бир нече жолу эскерткен. Мисалы, муз тоңгон унаага түшүп, аларга зыян келтириши мүмкүн. Экинчи жагынан, унаа токтотуучу жайдын ээси түнкү күзөтчүнүн болушуна карабастан механик кантип гаражга кирип кеткенин сурады. Бул маселени чечүүдө узак мөөнөттү медиация жараяны талап кылат. Эки менчик ээлеринин жалпы кызыкчылыктары жана кадыр-баркы мындан ары да кызматташып, ишканаларын сактап кала алса жакшы болмок эмес беле? Эки тараптын тең кардарлары бирби?

Кейс 3.

6Малика кыз төрөгөндөн көп өтпөй Алишер менен ажырашып кетти. Ал ата-энесинин үйүнө кайтып келип, баланын атасынан алимент алуу үчүн ишти башташы керек болчу. Сот аны алимент жана карызды төлөөгө милдеттендирди. Бирок Алишердин кирешеси жок болгондуктан эки жылдан бери расмий буйрукка карабастан соттун чечимин аткара алган эмес. Милдеттенмелерин аткарбаганы үчүн сотко кайрадан келиши керек болчу. Бирок Малика көйгөйдү медиация аркылуу чечүүнү альтернативдүү жол катары сунуш кылган Эрайым бейөкмөт уюмунун аймактык юристи Гүлнара ТАШИЕВАдан кеңеш сурады. Дагы сотко келбей коюу Алишердин кызыкчылыгында, бирок намысын сактап калуу үчүн Алишер сунушту кабыл алды.

Конструктивдүү сүйлөшүүлөрдөн кийин Алишер алиментти жана карызды төлөөгө макул болду. Учурда анын алимент боюнча карызы 620 еврого жетти. Ал чабан болуп жумушка орношуп, ал жерде бир жыл иштеди. Жумуш берүүчүдөн уй сатып алуу үчүн каражатты чогултуп, ал алименттин ордун толтуруунун ордуна Маликага уй бермекчи болду. Сүрөттө уйдун баасын билүү үчүн аны сотко берген учур чагылдырылган. Бул сумма 427 еврону гана түзсө да, бул чечимди жубайлар медиация жараяны аркылуу кабыл алышкан. Сот иши жабык өттү.

Уйду баалоо үчүн сотко алып келишет

7Маданий ландшафт биз көнүп калгандан айырмаланат. Бирок ушул учурлардын бардыгында колдонулган ыкма биз колдонуп жүргөн ыкмага окшош. Сабакта көрсөтүлгөн плакаттарды карап, анын айрым мисалдарын чогулта алабыз.

 

 

 

 

Сүрөттөр биз менен сүйлөшөт.

8

Көнүгүмдүн жүрүшүндө жаш стажер үй-бүлөлүк медиация жөнүндө төмөнкүдөй сөздөрдү камтыган плакаттарды көрсөтөт:

  • Конфликтти колдонбоңуз;
  • Конфликтке реакция көрсөтпө;
  • Жакшы ниетти билдирүү; 
  • (кызыл түстө) Конфликт конфилкти пайда кылат.

Жол медиация жараянынын символу болуп саналат. АЧУУ - дегенди билдирген каар сөз башка плакатта чагылдырылган жана "Медиатордун үч алтын суроосу"

  1. "СИЗ үчүн ЭҢ МААНИЛҮҮ эмне?"
  2. "БУЛ эмнени билдирет?" 
  3. "ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?"

9

Аялдардын тобу аттын формасында отуруп, алардын биринин айткандарын кунт коюп угушууда. (Февраль айында Борбор Азияда суук болот, жада калса үйдүн ичинде!))

Медиация жараяны.

Негизги сабак медиация жараянындагы эки фазаны бөлүп көрсөтөт: алдын-ала талкуулоону камтыган даярдык, андан кийин медиация жолугушууларын өткөрүү.

Кыргыз мыйзамдарына ылайык, алдын-ала жолугушуулар маалымат жеткирүү жана чогултуу максатын көздөйт. Чыр-чатакты медиация жолу менен чечүүгө болобу? Медиаторлор тараптар менен өзүнчө жолугуп, чыр-чатактын диагнозун Фридрих Глазлдын чыр-чатакты күчөтүү моделин колдонушат жана Ури менен Фишердин жүйөлүү сүйлөшүү моделине ылайык позицияларын, кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын талдайт. Медиаторлор иштин медиацияга ылайыктуу экендигин баалап жатышат. Андан кийин эки тарап медиация жараянын улантууну каалашат.

Эгерде эки тарап тең макул болсо, медиация жолугушуусу өтүшү мүмкүн.

  • тааныштыруу (киришүү, тааныштыруу, процесстин презентациясы);
  • Эки тараптын тең кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын издөө;
  • Альтернативдик чечимдерди издөө (Куралдар: идеалдуу сүрөт; ой чабуул; реалдуу сунушталган чечимдер);
  • Бекитүү жөнүндө документти даярдоо; эгерде бардык тараптар канааттандырса, алар медиация келишимине кол коюшат.

10

Катышуучулар сертификаттарын тапшырышат. Бардык курактагы адамдар көрсөтүлгөн. Кыргызстанда аялдар жоолук салынышат же кийишпейт. Отурган адам - Улуттук медиация борборунун Оштогу филиалынын директору Авазбек Шамшиевич ШАМШИЕВ.

Төмөндө сүрөттөлгөн эки бирикменин иш-милдеттери бири-бирин толуктап турат:

Кыргыз Республикасынын медиаторлорунун коомчулугу жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Медиаторлор Коомчулугу - 2018-жылы Медиация Мыйзамынын негизинде түзүлгөн өзүн-өзү жөнгө салуучу кесиптик уюм.

Ал медиаторлорду аккредитациялайт жана медиация мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет. Ошондой эле медиация институтун өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдар менен иштешет.

Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк, коммерциялык жана дарылоо медиациясы өнүгүүдө.

Бүгүнкү күндө 220 адам аккредитацияланган медиатордун сертификатын алышты. Жарандар Улуттук реестрден медиаторду тандай алышат, анын дареги жеткиликтүү.

www.mediator.kg маалыматты кыргыз жана орус тилдеринде камтыйт.

Улуттук медиаторлор борбору жөнүндө маалымат

Улуттук медиаторлор ассоциациясы 2012-жылы юрист жана машыктыруучу Гүлсина КОЖОЯРОВАНЫН демилгеси менен түзүлгөн.

Уюмдун миссиясы - колдоо көрсөтүү жана окутуу аркылуу медиацияны өнүктүрүү.

Улуттук Медиаторлор Ассоциациясы мүчөлөрдүн жалпы чогулушу, Байкоочу органы, Директору жана Текшерүү комиссиясы түрүндө ачык-айкын башкаруу түзүмүнө ээ.

Өлкө боюнча 45 кызматкер иштеген филиалдар бардык жарандарга медиацияга мүмкүнчүлүк берет.

Бул орган соттор, жергиликтүү бийлик жана ички иштер органдары менен биргеликте түзүлгөн. Алардын кызматташтыгы менен бир нече маалыматтык жана көнүгүм өтүү боюнча долбоорлор түзүлдү. Натыйжада 300дөн ашуун адам баарлашуу, чыр-чатактарды чечүү жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча машыктырылды. Квалификациялуу соттор жана коомчулуктун адистери жарандарга медиаторлор менен маалыматтык жолугушууларга катышууга кеңеш бере алышат. Бул кеп-кеңештерге 2000ден ашуун адам катышып, алардын жарымынан көбү өз ара чыр-чатактарды медиация жолу менен чечишкен.

Негизги курста 400дөн ашуун адам окутулган.

Азыркы директор Анара КАРИМБЕКОВА.

11

Бул макаланы Улуу Британиянын Erayim Aid Trust бейөкмөт уюмунун негиздөөчүсү Клэр Ривз-Бунион жазган (https //: www.erayim-aid-trust.uk)

Ал Кыргызстандагы Улуттук медиаторлор борборунун негиздөөчүсү Гүлсина КОЖОЯРОВА, "Эрайым" бейөкмөт уюмунун юристи Маматказы КАПАРОВ жана “Эрайым Береке” кичи насыя агенттиктин жооптуу экономисти Алтынай САБЫРБЕКОВА тарабынан берилген маалыматтардын негизинде жазылган.

Бул макала алгач француз тилинде Улуттук Медиаторлор Ассоциациясынын (ANM France) журналынын 2020-жылдын ноябрь айындагы санында жарыяланган. Ар дайым булагын толугу менен келтир. https://www.anm-mediation.com/article.php?fullid=136483 p>

https://www.anm-mediation.com/article.php?fullid=136483

 

Youtube баракчабыздан көрүңүз

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru