Бешик-Жондук айымдардын кулпунайы
20.04.2023 14:47
Базарларда быйылкы жылдын алгачкы кулпунайы сатыла баштады. Аларды коңшулаш Өзбек республикасынан алып келип жаткандыгы белгилүү. Антсе да, өзүбүздүн дыйкандар да күнөскана иштетип, анда кулпунай өстүрүп жатышканын көрүп-билип, ыраазы болосуң. Алардын бири Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагына караштуу Бешик-Жон айылынын тургуну Меңдиайым Арзиева. Анын күнөсканасын баш багып, көздү кубанткан түшүмүнө назар салдык.
Меңдиайым Арзиеванын кесиби тарбиячы-мугалим. Ал Бешик-Жон айылында кичинекейлер үчүн эмгегин жумшады. Айылдыктарды үндөп, жергиликтүү жетекчилердин колдоосу менен “Нагима” мектепке чейинки билим берүү жайын ачты. Аны көп жыл жетектеди. Анан балдар үчүн витаминдүү азыкты өзүбүз эле камдап алалы деген ниетте тарбиячыларды уюштуруп, бакчанын бир ыптасындагы, бир кезде тамеки тизүүчү чуңкурчаны күнөскана кылып даярдап алышты. Алардын бул аракетине ФАО программасы, “ООН -Женщина” эл аралык уюмдары жардамга келди. Аларга долбоор жазышып, бир сотых жерди иштете башташты. Алгачкы жылдарда помидор, бадыраң, болгар калемпирин жана жашыл чөптөрдү өстүрүп, балдар үчүн жашылча-жемишти базардан албай калышты. Анан кышкы туздамаларды да жасашат. Мындагы тарбиячылар жеринен эле дыйканчылыкты өздөштүрүп алышты. Бул жерден үйрөнгөндөрүн өз короолорунда колдонушат. Быйыл болсо кулпунайдын “Клерис” сортун өстүрүштү. Азыр чакан күнөсканада кызара бышкан кулпунайдан эң алдын балдарга оозантышып, анан базарга да алып чыгышты. Даамдуу, көзгө толумдуу, жалаң органикалык зат менен азыктандырылган, нукура түшүм дароо эле өз кардарын тапты. Сырттан келген, жалаң минералдык азыктар менен өстүрүлгөн кулпунай менен булардыкынын айырмасы асман менен жердей. Айырмалай алган кардар, организмге жагымдуусун издейт. Демек, улам кардарлары арбый берээрине ишенишет.
- Кулпунайдын бул сорту тээ узак убакытка чейин бышып, жетиле берет экен. Бир жагынан терип алсаң, экинчи жагы кызарып, терип да жетише калбайт экенсиң. Өтө даамдуу. Туруктуу кардар да таап баштадык. Эми ушундан түшкөн кирешеге бала бакчанын муктаждыгына жумшайбыз. Бакчанын жыйындарды, майрамдык салтанаттарды, кечелерди өткөрүүчү жайы жок болчу. Ошону салып жатабыз. Буюрса жакында аягына чыгат. Анан бир гектар каралбай калган жерди ижарага алып, аны өздөштүрүп жатабыз. Кызыл карагат, коконгилас, алма көчөттөрүн олтургуздук. Кулпунайды болсо август айынан тартып, көчөт кылып сата баштайбыз - дейт, Меңдиайым Арзиева айым.
Баса, биздин каарман Бешик-Жон айылдык кеңештин депутаты, айылдык Аялдар кеңешинин төрайымы. Жаны жай албаган, мээнеткеч айым. Элдин жүгүн мойнуна артып, эл өкүлү катары да эртели кеч жүгүрүп жүрөт. Бир канча эл аралык уюмдар менен иштешип, долбоор жазып, айыл аймактын социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүүгө бараандуу салым кошкондордун баш сабында. Анан айылдагы жумушсуз жүргөн, үйүндө олтурган айымдарды окутуу, аларга тажрыйба үйрөтүү, активдүүлүктөрүн көтөрүү жагдайында да аракеттерди жасап келет. Ал жана тарбиячылараларга жардам берип жаткан бир катар мырзалардын аракети менен иштелип жаткан күнөскана менен “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин жетекчиси Рахила Жусупова, долбоор координатору Алтынай Сабырбекова, уюмдун кызматкери Маматказы Капаров, уюмдун эксперти Абдылас Кошунбаев жана уюмдун Базар-Коргондогу өкүлдөрү таанышып чыгышты. Ал эми Меңдиайым айым баштаган топ эми өз жардам тобун түзүп, “Эрайым” АКБсы тартып келген “Жашообуз өз колубузда” долбооруна катышып, жаңы долбоор жазууга кызыктар экендиктерин билдиришти.
Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу