logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

“Жашообуз өз колубузда” долбоору: А. Сабырбекова менен маек

2

20.04.2023  13:23

Ушул жылдын февраль айынан 2025-жылдын 31-декабрынын аралыгында Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагында Американын ELCA уюмунун колдоосу менен «Жашообуз өз колубузда» долбоору ишке ашырыла баштады.

Ал долбоорду тартып келген “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси. Долбоордун багыты, максаттары, ишке ашыруудагы багыттары жагдайында долбоордун координатору Алтынай Сабырбековадан маалымат алдык.

- Алтынай айым, эң алдын бул долбоордун максаты кандай?

- “Жашообуз өз колубузда” деп аталган бул долбоор калктын аярлуу топторунун, Кыргыз Республикасынын 4 айылында жашаган айымдардын жашоо сапатын жакшыртууга салым кошот. Долбоор камтыган аймактар Ысык-Көл облусундагы Тогуз-Булак айыл аймагы, Нарын облусунан Чаек айыл аймагы, Ош облусунан Мады айыл аймагы жана Жалал-Абад облусунан Бешик-Жон айыл аймагы. Максаты - Аялдардын ишкердиги үчүн шарттарды жакшыртуу, туруктуу чарба жүргүзүүнүн ыкмаларын ишке ашыруу. Долбоор аймагында суу ресурстарын, органикалык жер семирткичтерди сарамжалдуу пайдалануу жана органикалык калдыктарды туруктуу башкаруу боюнча билим деңгээлин, чеберчилигин жогорулатуу. Аялдар жана аярлуу топтор үчүн социалдык маселелерди чечүү үчүн коомчулукка негизделген колдоо системасын түзүү.

- Албетте, алдыга койгон чоң максаттар бар экен. Аны ишке ашырууда кандай аракеттер көрүлөт?

- Долбоор камтыган аймактарда эң алдын окуу-көнүгүмдөр өтүлөт. Ага айыл аймактардын бардык каалоочулары катышса болот. Ошол көнүгүмдөр өтүлүп жаткан кезде эле чыныгы кызыктар тараптар аныкталып калат. Бул Бешик-Жон айыл аймагында төрт өз жардам тобу бар. Ага кырктан ашуун кыз-келин тартылган. Эң алдын ошол топтун мүчөлөрүн долбоорго тартканга аракет кылабыз. Анткени, алар буга чейин айыл аймактагы бир катар социалдык көйгөйлүү маселелерди иргеп чыгып, жергиликтүү бийлик менен биргеликте ал маселени оң жагына чечүүгө аракет жасап жатышат. Ошону менен бирге бир катар окутууларга катышып жүрүшөт. Андан кийин фермерлик көрсөтмө аянттары түзүлүп, ошол эле мезгилде фермерлердин клубун түзүү жүргүзүлөт. Мына ушундай иш чаралардан соң, кичи техникалык гранттарды колдоо багытында долбоор жазуулар жүрөт. Ал окутуулардан алган билимдерин практикада колдонуп, долбоорду ийгиликтүү коргой алган топтор менен кызматташуу аркылуу ушул айылга кичи гранттар тартыла баштайт. Булардын бардыгы долбоорду тартып келген уюмдун адистери тарабынан ишке ашырылат.

- Ошол иш чараларды кенен маалымдап айта кетсеңиз?

  • ӨЖТ мүчөлөрү үчүн бизнести өнүктүрүү жана ишкердик боюнча окуу өткөрүү. 15 катышуучу үчүн 3 күндүк окуу;
  • PACDR куралын колдонуу менен долбоор аймактарында климаттык кырсыктарга жана тобокелдиктерге жамааттык талдоо жүргүзүү. 15 катышуучу үчүн 3 күндүк окуу;
  • Жердин такырланышы боюнча окуу. 15 катышуучуга 1 күндүк окуу;
  • Органикалык жер семирткичтерди (биогумус) жана органикалык компостторду өндүрүү. 15 катышуучуга 1 күндүк окуу;
  • Тамчылатып сугаруу системасын орнотуу. 10 катышуучу үчүн 2 күндүк окуу;
  • ӨЖТ потенциалын күчөтүү максатында формалдуу жана формалдуу эмес окуу;
  • Медиация боюнча 5 күндүк окуу; o Психология боюнча 1 күндүк окуу.=

- Мына ушундай туруктуу окутуулардан кийин гана практикалык иштер башталат тура?

- Ооба, кандай болбосун ишти баштаардан алдын билим алуу зарыл да. Билим жана маалымат болсо, андан ары максатка жетүүгө кенен жол ачылат. Долбоор аймактарында окуулардын натыйжасында активистер «Фермердик клуб» ачат. Айылдык фермерлер клубу айыл жеринде натыйжалуу айыл чарба жүргүзүүнү, сууну туура пайдаланууну, органикалык жер семирткичтерди жана компостту өндүрүүнү жайылтуу максатында ачылат. Ошондой эле айыл тургундарына кеңеш берүүнү көздөйт.

- Байкашыбызга караганда окутуулар башталганда эле грант алууга ашыгышат.

- Туура, долбоор тууралуу маалымат бере баштаганда эле “акчаны кантип алсак болот?”, “грант кимге берилет?”, “мен мындай иш кылайын дедим эле, ага канча акча жумшалат?” деген сыяктуу суроолорду бере башташат. Грант алуу убактысына жеткенче канчалаган тепкичтерди басып өтүү керектигин эске алышпайт. Ошондуктан адегенде туруктуу топту түзүп алып, анан негизги көздөгөн маселени чечүүгө киришүү керектигин түшүндүрөбүз. Бул долбоордо Гранттык сунуштамалар ӨЖТ лардын атынан берилет. Техникалык гранттын өлчөмү 1300$ түзөт, же болбосо 113646 сом. ӨЖТ мүчөлөрү грантка 30 пайыздык өздүк салымын кошуу керек. Реалдуу бизнес-идеялар колдоого алынат. Долбоор аймагында техникалык гранттарга колдоо көрсөтүлөт жана Грант комиссиянын чечими менен берилет. Грант алган топтор ошол каражатты максаттуу колдонуулары керек жана ошол бизнестерин, ишмердүүлүктөрүн андан ары өнүктүрүп кетүү аракетин көрүүлөрү зарыл.

- Албетте, кызыктуу долбоор экен. Кантсе да, элеттик айымдар жакшы жашоо өз колдорунда экендигин биле башташат тура. Долбоорго ийгилик.

Маегиңизге ыраазычылык.

3

4

5

6

7

Маек курган Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу  

Youtube баракчабыздан көрүңүз

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru